Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор

© AP Photo / John LocherКыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко
Кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер 4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып тынбай сокку ура баштаганда калыс беттешти токтотту.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

​Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген жок. 

4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып катар-катар сокку ургандан кийин калыс беттешти токтотту.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

33 жаштагы Шевченко акыркы кармашында эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андрадени утуп, UFC уюмунун чемпиону наамын бешинчи ирет коргогон.

38 жаштагы Мерфи 2009-жылы жиу-житсу ийримине баласын алып барып, ошондон кийин өзү да спортко баш-оту менен кирип кеткен. Жарым жылдан кийин ММА эрежелери боюнча алгачкы кесипкөй мелдешин өткөргөн. Андан бери 19 ирет рингге чыгып, 15 жолу жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0