Бирде жигит төө минет... Акжолдун Токиодон элге кайрылган видеосу

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык балбан Акжол Махмудов
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан учурда ал үчүн ар бир кармаш, мүнөт, секунд маанилүү болуп болуп жатканын айткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын финалына чыккан Акжол Махмудовдун кыргызстандыктарга кайрылган видеосу жарыяланды.

Видеону кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Instagram баракчасынын тарыхча бөлүмүнө жүктөдү.

"Ассолому алейкум кыргыз элим, жеңишим сиздерге арналат! "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти, төбөсүнө көтөрүп, тегеректеп эл жүрөт. Жөө жүргөндө жигитти, жөөлөй түртүп эл күлөт" дейт, ошондуктан бүгүн утулуп, максатына жетпей калган жигиттерибизди эч качан сындабагыла. Бул — спорт. Өзүңдө жакшы нерсе болбосо башкалардын да жакшы жагын көрө албайсың. Ошондуктан адам канчалык жамандык кылбасын ар дайым жакшы жагын көргөнгө аракет кылгыла", — деди Махмудов.

Андан ары балбандын казакстандык журналисттерге интервью берип жатканын көрүүгө болот. Анда ал ар бир кармаш, мүнөт, секунд маанилүү болуп жатканын айткан.

Кыргызстан балбаны Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео
"Бүгүн бизди кудай жалгады. Мен бүгүн болбосо качан күрөшөм. Бүгүн утпасам дагы качан утушум мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк ар кимге эле ар дайым бериле бербейт. Ошондуктан ар бир мүнөт, секунд сайын кудайдан мен тарапта болуп бер деп тиленип жаттым, мен жеңишке муктажмын деп сурандым. Кудай өтүнүчүмдү аткарып жатат", — деди балбан.

Акжол Махмудов Олимпиада-2020 медешинин алтын байгеси үчүн венгриялык Тамаш Лёринц менен эртең күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0