13:15 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
95 0 0

Оюн Лондондогу Уэмбли стадионунда өтүп, жеңүүчү 15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктөн (жалпы 30 мүнөт) соң аныкталды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Англия курама командасы Европа-2020 чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалдык баскычта команда Дания оюнчуларын 2:1 эсебинде жеңип алды. Оюн Лондондогу Уэмбли стадионунда өтүп, жеңүүчү 15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктөн (жалпы 30 мүнөт) соң аныкталды.

Беттештин 30-мүнөтүндө даниялыктардын жарым коргоочусу Миккель Дамсгор айып аянтынын сыртынан тээп гол киргизип эсепти ачты. Арадан 10 мүнөт өткөндө англиялыктар чабуул уюштуруп, капталдан чыгарылган топту даниялыктардын коргоочусу Симон Кьер өз дарбазасына киргизип алды.

Кошумча берилген 15 мүнөттүктүн биринчи бөлүгүндө даниялыктардын коргоочулары өз айып аянттарынын ичинде атаандаштын чабуулчусу Рахим Стерлингди жыкканы үчүн беттештин калысы Данни Маккели пенальти койду. Бул мүмкүнчүлүктү Гарри Кейн пайдаланып, Англияны алдыга алып чыкты.

Беттеште мындан башка гол болгон жок. Эми Англия Евро-2020 мелдешинин финалында Италия менен кез келет.

Италиялыктар кечээ Испания курамасын утуп финалга чыккан.

Финалдык беттеш 11-июлда Лондондо өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

Тема боюнча

Италия Евро-2020нын финалына чыкты
Белгилер:
футбол, Англия, жарым финал, жеңиш, Дания, Евро-2020

ЭҢ МААНИЛҮҮ