Кыргызстандын жана Япониянын футболчулары беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан — Япония беттеши. тексттик трансляция

Жазылуу
Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары 2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандап алуу раундунун алкагында жолугушат.
Бул азыркы этаптагы акыркы оюн болуп эсептелет. Кыргызстандын футболчуларында дүйнө биринчилигинин кийинки туруна өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Буга чейин курама команда Японияда эки беттеш өткөрүп, биринчисинде Монголиядан утулуп калса, экинчиде Мьянманы ири эсеп менен жеңген.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:18 15.06.2021

Оюн соңуна чыкты. "Ак шумкарлар", тилекке каршы, япониялыктарга 5:1 эсеби менен утулуп калды.

18:16 15.06.2021

Калыс кошумча эки мүнөт кошуп берди

18:13 15.06.2021

Оюндун аяктаарына 2-3 мүнөт убакыт калды.

18:12 15.06.2021

Фархад Мусабековго сары кагаз берилди

18:08 15.06.2021

Мирлан Мурзаевдин ордуна Элдар Молдожунусов чыкты. Алимардон Шүкүровдун ордуна Эдгар Бернхардт ойноп жатат. Эдгар азыр оюн талаасында капитан макамында.

18:03 15.06.2021

Кыргызстандыктар үчүн оюн жакшы болбой жатат. Дем-күч да баштагыдай эмес.

18:01 15.06.2021

Япониялык спортчулар алда канча ыкчам, кыймылдуу экени көрүнүп турат. 

17:58 15.06.2021

Жаңы эле оюн талаасына чыккан япониялык оюнчу келе жаткан топту башы менен дарбазага киргизди.

17:55 15.06.2021

Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарга беттештин сүрөтүн жарыялады

Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Япония - Sputnik Кыргызстан
17:53 15.06.2021

Ушу тапта параллель өтүп жаткан Тажикстан — Мьянма оюнунда тажик футболчулары алдыда келе жатат. 

17:53 15.06.2021

Япония командасында алмашуу жүрүп жатат.

17:52 15.06.2021

Беттештин аяктаарына 25 мүнөттөй калды. Оюн курч өтүүдө, япониялыктардын чабуулу күч.

17:46 15.06.2021

Кыргызстандын командасында алмашуу жүрүп жатат. Турсунали Рустамовдун ордуна Эрнист Батырканов чыкты.

17:44 15.06.2021

Кыргызстан контрчабуулга өттү. Гүлжигит Алыкулов айып талаага өтүп, топ тебүүгө аракет кылып, ою ишке ашпай калды. 

17:39 15.06.2021

Япониялык оюнчулар эсептеги айырмага карабай чабуул коюп жатышат. Алардын алда канча ыкчам экенин көрүүгө болот.

17:36 15.06.2021

Мирлан Мурзаевге медициналык жардам көрсөтүлүүдө. 

17:33 15.06.2021
17:21 15.06.2021
17:18 15.06.2021

Биринчи тайм аяктады. Буюрса, кыргызстандык команда алгачкы бөлүктү жакшы маанай тартуулап бүтүрдү.

17:16 15.06.2021

Мирлан Мурзаевдин алгачкы голу!!! Эсеп 3:1

17:15 15.06.2021

Кыргызстандыктарга пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берилди

17:12 15.06.2021

Ал арада Тажикстандыен курама командасы Мьянманын дарбазасына гол киргизди. Мындай кырдаалда экинчи орунга дал Тажикстандын командасы чыгып калат.

17:06 15.06.2021

Тилекке каршы, Мищенко менен Шүкүровдун айып тобун япон дарбазачысы тосуп алды.

17:02 15.06.2021

Үчүнчү гол! Кайрадан баягы эле Адо. Эми топту башы менен киргизди.

17:00 15.06.2021

Эсеп 2:0. Дагы Адо Онайву өзгөчөлөнө алды.

16:57 15.06.2021

Топ япониялыктарда. "Көк самурайлардын" чеберчилиги мыкты деңгээлде экенин моюнга алыш керек.

16:55 15.06.2021

Адо Онайвунун пенальтиден тебилген тобу гол болуп кирди. Пенальтиге Айзар Акматовдун топту кол менен тосуп калганы себеп болгон. 

16:55 15.06.2021
16:52 15.06.2021

Япониялыктардын чабуулу аз жерден гол болуп кирип кете жаздады. Эсепти ачуудан Павел Матяштын чеберчилиги гана сактап калды.

16:49 15.06.2021

Топ учурда кыргызстандыктарда

16:45 15.06.2021

Алимардон Шүкүров, тилекке каршы, берилген мүмкүнчүлүктү ишке ашыра алган жок, топту өтө эле бийик көкөлөтүп жебирди.

16:44 15.06.2021

Япониялыктар эреже бузду, кыргызстандыктардын айып топ киргизүү мүмкүнчүлүгү бар.

16:40 15.06.2021

Оюндун 11-мүнөтү. Беттеш "көк самурайлардын" үстөмдүгү менен өтүп жатат.

16:39 15.06.2021

Дагы бир кооптуу абал жаралып, топ, бактыга жараша, дарбазадан кыйгап өттү

16:37 15.06.2021

Павел Матяш топту тосуп калды

16:36 15.06.2021

Кооптуу абал жаралып, аз жерден топ кирип кете жаздады.

16:35 15.06.2021

Топ япониялыктарда.

16:34 15.06.2021

Ал арада Бишкекте фан-зона уюштурулган.

Фан-зона для просмотра матча Кыргызстан — Япония - Sputnik Кыргызстан
16:32 15.06.2021

Кыргызстандын командасы чабуулу да оңунан чыкпай калды. Күйөрмандар, баарыбыз азыр Ак шумкарлардан кызыктуу оюн көрсөтүшүн күтүп жатабыз.

16:30 15.06.2021

Япондор дароо эле чабуулдан баштады. Бирок максатына жеткен жок. Азырынча талаа ээлери үстөмдүк кылып жатышат.

16:30 15.06.2021
16:24 15.06.2021

Ушу тапта Кыргызстандын гимни жаңырып, андан соң Япониянын гимни ырдала баштады. Футболчулар оюн талаасында.

16:12 15.06.2021

Marathonbet букмекердик конторасынын котировкасы сунушталат. Кашаанын ичинде эртең мененки көрсөткүч берилди:

Япониянын жеңишине — 1,87 (1,033);

тең эсеп — 10,75 (15,5);

Кыргызстандын жеңишине — 22 (33).

16:06 15.06.2021

Бул тандоо турнири 2022-жылы өтчү Дүйнө чемпионаты менен 2023-жылы боло турган Азия Кубогуна карата ойнотулуп жатат.

Кийинки (үчүнчү) этапка бардык сегзи тайпанын жеңүүчүлөрү жана өз тайпаларында экинчи орун алган беш команда чыгат. Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө 12 команда ат салышат. Бул кайра эле жеңүүчүлөр жана экинчи орун алган командалардын тең жарымы болот.

Калган катышщуучулар Азия Кубогуна чыгуу үчүн аракетин улантмакчы. Бешинчи орун алган жана төртүнчү орунду ээлеген командаларындан теңи татаал квалификациядан (плей-оффтун кошумча раунду) өтүшү керек болот.

16:00 15.06.2021

Павел Матяш амплуасы боюнча дарбазачы деп айтууга болот. Бир нече жыл мурун таптакыр алмашкыс эле. Матяш азыр 33 жашта, бою 197 сантиметр.

Карьерасын Бишкектин "Дордой" командасында ойноп баштаган, Канттын "Абдыш-Атасында" да ойноп, учурда борбор калаанын "Алга" командасында. Мальтанын "Мазия" клубунда да ойноого жетишкен. 

Курама команданын курамы менен 40тай беттеш өткөргөн. 2019-жылдын Азия Кубогундагы биринчи оюнда автоголго жол берип, калган беттештерде дарбазага Кутман Кадырбеков турган.

Японияда өтчү турнирде негизги курамга кошулбай, резервде калган. Команданын дарбазачыларынын баары оорулуу менен байланышта болгон деп "сары" тизмеге кирип калгандыктан жок дегенде Япония менен болчу беттешке жетишип калсын деген максатта Бишкектен жөнөтүлгөн. Ага чейин дарбазага коргоочу Айзар Акматов менен чабуулчу Эрнист Батырбеков туруп жатканы маалым.

15:59 15.06.2021
15:55 15.06.2021

Оюндун түз эфирин КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV каналдарынан жана Sportrecs платформасынан табууга болот. Акыркы платформа Кыргызстандын аймагында гана жеткиликтүү.

15:54 15.06.2021

Коргоочу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Япония менен болгон беттеште талаага чыкпай калды. Алар коронавирус жугузуп алышы мүмкүн деп "сары" тизмеге кирип калган.

Анткен менен Кыргыз футбол союзу оюнчулардын анализи таза чыкканын айтып келет. Бул чектөөлөр Япония өкмөтүнүн коронавируска көргөн чараларынын негизинде аткарылып жатканын кошумчалашкан.

15:51 15.06.2021

Дүйнөлүк рейтингде "Көк самурайлар" 28-орунда турса, "Ак шумкарлар" 99-сапта. Бул тизмеде негизи эле Япониянын курама командасы Азиянын мыкты командасы болуп саналат.

15:44 15.06.2021

Беттешти Оман менен Катардын арбитрлер бригадасы тескейт:

башкы арбитр — омандык Аль Якуби Омар Мубарак;

биринчи жардамчы — омандык Амбусаиди Нассер Салим;

экинчи жардамчы — катарлык Аль Марри Талеб Салем;

резервдеги арбитр — катарлык Аль Ясим Абдулрахман Ибрахим.

15:41 15.06.2021

Япония менен Кыргызстандын командалары тарыхта болгону эки ирет кездешкен, анын бири 2018-жылы өткөн жолдоштук оюн болчу. Экинчи оюн 2019-жылы тандоо турунун алкагында өткөн. Эки матчта тең КР командасы утулууга дуушар болгон.

15:39 15.06.2021

Павел Матяш — дарбазачы;

Кайрат Жыргалбек уулу, айзар Акматов, Темирлан Козубаев, Бахтияр Дүйшөбеков, Александр Мищенко — коргоочулар;

Фархад мусабеков, Турсунали Рустамов, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров — жарым коргоочулар;

Мирлан Мурзаев (капитан) — чабуулчу.

15:36 15.06.2021
15:36 15.06.2021
15:34 15.06.2021
15:34 15.06.2021
15:31 15.06.2021

Саламатсызбы, окурман. Бүгүн, 15-июнда, Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары намыс талашат. Оюндун жүрүшүн Sputnik редакциясы тексттик трансляция аркылуу чагылдырмакчы. Сүрөт, видео жана акыркы жаңылыктын бардыгын ушул тексттик трансляциядан окуп, көрө аласыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0