ММА мушкери Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунда кезектеги беттешке чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековММА мушкери. Архив
ММА мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Ал ММА уюмундагы эң абройлуу, UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет. Абдисалам уулу күйөрмандарынан колдоо күтөт.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, BRAVE CF уюмунун мушкери Кубаныч Абдисалам уулунун кезектеги беттеши 11-мартка белгиленди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Abdisalam uulu Kubanychbek (@abdisalam_uulu_kubanychbek_)

Ал ММА уюмундагы эң абройлуу, UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет. Абдисалам уулу күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, алдыдагы беттеште да колдоо көрсөтөт деп үмүт артат.
"Кезектеги беттешим 11-мартта болот. Тажрыйбалуу спортчу, UFC уюмунун экс-мушкери менен таймашам. Күйөрмандардын колдоосу, ишеничи менен мыкты беттеш көрсөтөм деген ниетим бар. Ар бир жеңиш оңой келбейт. Талыкпаган эмгек керек, сиздердин колдооңуздар керек", — деди мушкер.
Роландо Дай ММА спортунда 18 беттеш өткөрүп, 14үн уткан. Төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу 19 беттешке чыгып, 17 атаандашын жеңген. Эки ирет утулган.
Эскерте кетсек, Абдисалам уулу буга чейинки, 16-январдагы, беттешинде тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0