Зал жарылып кетейин деди! Жоламан Калыны утуп, өлкө чемпиону болгон видео

© пресс-служба ГАМФКиСФинал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе
Финал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Балбандар килем бетинде 60 килограмм салмакта күч сынашты. Кыргызстанда аталган категорияда атаандаштык күч болуп саналат.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын чемпионатынын финалында таанымал спортчу Калы Сулайманду жеңип алды.
Мелдеш кечээ Бишкектеги спорт сарайында өткөн. Балбандардын кармашуусунун видеосун социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Кадрдан Шаршенбеков Сулаймановдун беттештин биринчи бөлүгүндө эле күрөш килеминин четине сүрүп барып, басып жыгылганын көрүүгө болот. Пандемияга карабастан турнирге эле толо келип, катуу сүрөөнгө алган.
"Бардыгы атаандаштык күч жана мээнеттүү кармашты күтүп жаткан эле. Жоламанды Олимпиада оюндарына жолдомо алышына ийгилик каалайбыз, Калыны кол куушуруп отуруп калба демекчибиз. Экөө тең кыргыздын татыктуу уулдары", — деп жазылган видеодо.
Белгилей кетсек, өлкө чемпионатын уткан балбан эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алат, анткени бир салмактагы бир нече спортчу сыртка жиберилбейт.
Балбандар 60 килограмм салмакта күч сынашты. Кыргызстанда аталган категорияда атаандаштык күч болуп саналат. Кечээ жакында эле бул салмактагы дагы бир белгилүү спортчу Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктаганын жар салды
Жаңылыктар түрмөгү
0