Футболчу Айдана Оторбаева Дүйнөлүк футбол уюмунун атайын сыйлыгына татыды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева. Архив
Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Айдана Оторбаева Merit Award наамын ута алган жок. Деген менен уюштуруучулар ага өзгөчө сыйлык тартуулашты.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева Эл аралык кесипкөй футболчулар ассоциацияларынын федерациясы уюмунун FIFPro Hero атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Оторбаева адегенде Merit Award (Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык) наамына көрсөтүлүп, анда жеңүүчү боло алган эмес. Бирок уюштуруучулар ага "FIFPro уюмунун баатыры" өзгөчө сыйлыгын ыйгарышкан.
Кыргызстандык футболчу кыз пандемия убагында "Сообща" аталышындагы ыктыярчылар кыймылын түзүп, стационарларда жана кызыл зонада иш алып барган медиктерге жардам көрсөткөн эмгеги үчүн аталган ардактуу наамга көрсөтүлгөн.
"Бул сыйлык мен үчүн өзгөчө маанилүү. Чынын айтсам, менин кичинекей ыктыярчылык аракетим мага ушунчалык алкыш, кубаныч алып келет деп күткөн эмесмин. Азыр да муну аванс катары көрүп жатам. Мен ар дайым жүрөгүмдүн жетегинде болуп, жакшылык менен тынчтыктын тарабында болгум келет", — деген Айдана.
Оторбаева өзүнүн "Сообща" кыймылындагы ыктыярчылардын эмгегин жогору баалап, аларга ыраазычылык билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0