Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео

© AFP / FRANCK FIFE / POOL Бельгийский полузащитник Манчестер Сити Кевин Де Брюйне
Бельгийский полузащитник Манчестер Сити Кевин Де Брюйне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне, "Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовски жана дарбазачысы Мануэль Нойер УЕФАнын 2019/2020-жылдагы мыкты футболчусу сыйлыгына башкы үч талапкердин катарына кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

Талапкерлер 2019/2020-жылы Чемпиондор лигасына жана Европа лигасына катышуучу клубдардын 80 машыктыруучусу, ошондой эле 55 журналист курамына кирген калыстардын добушу менен тандалган. Мында машыктыруучуларга өз клубунда ойногон футболчуларга добуш берүүгө уруксат берилген эмес.

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

Европанын мыкты футболчусунун ысымы Чемпиондор лигасы мелдешинде өзгөчөлөнгөн футболчулар менен кошо 1-октябрда Ньон шаарында Чемпиондор лигасынын 2020/2021-жылдагы сезонуна чүчү кулак тартуу салтанатында айтылат.

Тандоого ылайык кийинки катарларда:

4. Лионель Месси (Барселона) 53 добуш

Неймар (Пари Сен-Жермен) 53 добуш.  Экөө бир сапта туруп калды.

5. Томас Мюллер (Бавария) 41 добуш

6. Килиан Мбаппе (Пари Сен-Жермен) 39 добуш

7. Тьяго Алькантара (Бавария) 27 добуш

8. Жошуа Киммих (Бавария) ) 26 добуш

9. Криштиану Роналду (Ювентус) 25 добуш алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0