UEFA Кыргыз футболдук союзуна минивэн, компьютер берип колдоо көрсөттү

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза КРПомощь УЕФА Кыргызскому футбольному союзу КР в виде минивэна Hyundai H1
Помощь  УЕФА Кыргызскому футбольному союзу КР в виде минивэна Hyundai H1 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын футболдук уюму аталган программанын алкагында Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн унаа жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Европа футболдук ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган союздун маалымат кызматы билдирди.

Европанын футболдук уюму Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза КРЕвропа футболдук ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү.
Европа футболдук ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Европа футболдук ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү.
© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза КРЕвропанын футболдук уюму Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.
Европанын футболдук уюму Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Европанын футболдук уюму Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.
1/2
Европа футболдук ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү.
2/2
Европанын футболдук уюму Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.

UEFA ASSIST эл аралык программасы башка конфедерациялардын улуттук ассоциациялары менен тажрыйба бөлүшүү аркылуу футболду өнүктүрүү жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырат.

Күйөрмандар футбол беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол союзу байгеси 1000 долларлык сынак жарыялады
Аталган программанын башкы максаты — өз ара тажрыйба алмашуу менен Дүйнөлүк футбол ассоциациялар бирикмесине (ФИФА) кирген конфедерацияларды жана футболду өнүктүрүү.

UEFA ASSIST финансылык эмес, футболду өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүү сыяктуу практикалык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган.

Программа ассоциацияларга жана конфедерацияларга олуттуу жардам бере турган окутуу жана тажрыйба алмашуу; өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү; инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо; УЕФАнын улуттук ассоциацияларынын программасын колдоо сыяктуу төрт негизги элементтен турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0