00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Холли Берри тарткан тасмада Шевченко кимдин ролун аткарат?

© Sputnik / Александр ГальперинЧемпионка UFC Валентина Шевченко
Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Голливуд жылдызы Холли Берри "В синяках" аттуу кино долбоордун үстүндө иштеп, өзүн режиссёр катары сынап жатат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко Хьюстондо (АКШ, Техас штаты) өткөн UFC 247 турниринин жеңүүчүсү болгондон кийин UFC уюмунун испан бөлүмүнө интервью берди. Спортчу суроолорго жооп берип жаткан кезде анын сөзүн Голливуд жылдызы, "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Холли Берри бөлгөн.

Турнирге келгендердин көбү Шевченко менен Берринин ортосунда жылуу мамиле түзүлгөнүн байкашкан. Бул жаңылык бардык дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарап, алдыңкы гезиттерге чейин чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Америкалык белгилүү актриса UFC 247 турнирине Шевченкону колдош үчүн келип, кыргызстандык спортчунун машыктыруучу штабынын артында отурду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

"Холли Берри абдан жакшы адам. Бүгүн бул жерге келгенине абдан кубанып турам. Ал беттеш алдында мага келип ийгилик каалады. Бул өзгөчө учур болду... Мындай нерселер адамды шыктандырат", — деп турнирден кийинки маалымат жыйында Шевченко билдирди.

Журналисттердин "чачыңызды эмнеге боёп салдыңыз" деген суроосуна Валентина "В синяках" (Bruised) тасмасына катышып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Видео лучших моментов турнира UFC 247, в котором выступила Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Айланып туруп жаакка тепти! Шевченко катышкан турнирдин укмуштуу ирмемдери
Буга чейин кыргызстандык спортчу Берри менен кино долбоорго катышып жатканы коомчулукка маалым болгон. Берри тасманын режиссёру болсо, Шевченконун ролу белгисиз болуп жаткан. Sputnik муну билип көрүүнү чечти.

Bloody Elbow басылмасы жазганына караганда, тасма Жеки (анын ролун Холли Берри аткарат) аттуу ММА мушкери тууралуу тартылган. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт.

Сызга отуруп калган Жеки карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы баласы менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.

Аралаш мушташтын жылдызы, Жекинин башкы атаандашынын ролун Валентина Шевченко ойнойт.

"Тасманын мен катышкан бөлүгү аяктап калды. Учурда башка эпизоддор тартылып жатат", — деди Шевченко ESPN MMA басылмасына маек берип жатып.

South China Morning Post гезитинин жазганы боюнча, тасмага Бразилиянын жиу-житсу боюнча эл аралык федерациясынын мүчөсү Габриель Лемос менен UFC уюмунун бразилиялык мушкери Аманда Нуньес дагы катышат.

Кинолордун IMDb маалымат базасындагы маалыматка караганда, актёрлордун негизги курамын АКШ, Канада жана Мексиканын өкүлдөрү түзгөн.

Тасма жыл аягына чейин экранга чыгары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0