"Тайсон" ага чакырык таштаган казак мушкери менен беттешмей болду. Убактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековБоец смешанных единоборств Канат Келдибеков
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр декабрь айында казакстандык мушкер Келдибековго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу беттешүүгө чакырык таштаган болчу.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков ACA 105 уюмунун турниринин алкагында ага чакырык таштаган казакстандык спортчу Нурберген Шарипов менен беттешмей болду. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Майрбек Хасиев Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ♦️Mairbek Khasiev♦️ (@mairbek_khasiev)

АСА 105 турнири Казакстандын Алматы шаарында 6-мартта өтөт.

Кыргызстандын желегин жамынган мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки мушкер беделдүү делген ACA уюмунун рейтингине кирди
Белгилей кетсек, казакстандык Шарипов Келдибековго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу беттешүүгө былтыр декабрь айында чакырган.

Келдибеков соңку беттешин 29-ноябрда Астана шаарында болгон ACA 102 турниринде өткөрүп, казакстандык Алтынбек Жуманулыны калыстардын чечими менен утуп алган. ММА боюнча 16 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген. ACA уюмунун рейтингинде өз салмак категориясы (61 килограмм) боюнча сегизинчи орунда турат.

Ал эми атаандашы Нурберген Шарипов 9 беттешти жеңип, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0