Ксения Палкинанын энеси теннисчи кыздын Францияда кармалышы тууралуу айтты

© Sputnik / Алия СамидинКыргызстандык теннисчи Ксения Палкина. Архив
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Франциянын ЖМКлары ушул жуманын башында Клермон-Ферран шаарында өткөн ITF турниринде полиция Кыргызстан менен Өзбекстандын эки теннисчисин кармап кеткенин жазып чыгышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Теннисчи Ксения Палкинанын апасы жана машыктыруучусу Марина Палкина Sputnik Кыргызстан агенттигине кызынын Франциядагы турнир учурунда кармалышынын чоо-жайын айтып берди.

Боец UFc Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC рейтингинде дагы бир сапка жогорулады
Буга чейин Франциянын бир катар ЖМКларында кыргызстандык Ксения Палкина менен өзбекстандык Альбина Хабибулинанын кармалганын жазып чыгышкан. Теннисчи кыздар байге фондусу 25 миң долларды түзгөн ITF Gonesse турниринде алдын ала сүйлөшүлгөн оюн өткөрүштү деп шектелүүдө. Маалыматта спортчуларды 23-24-сентябрь күндөрү Клермон-Ферран шаарында өткөн ITF турниринен алып кетишкен. Мында кыздар жуптук оюнда күч сынашмак.

Ксениянын энеси кызын 24 саатка камалганын тастыктап, шектелип жаткан иш башка экенин айтып берди.

"Бүгүн кызым менен сүйлөштүм. Чын эле бир суткага камалып чыгыптыр. Маселе Ксения менен оюн талаасына чыга турган өзбекстандык кыздын паспорту боюнча жаралыптыр. Ал спортчу кызды корттон эле кармап кетишкен экен. Ксения аны менен бир номерде жашачу, мындан улам менин кызымды да алып кетип, 24 сааттан кийин кое беришиптир. Ксенияга эч кандай шектенүү же айыптоо болгон жок", — деди Марина Палкина.

Спортчунун энеси Ксения ушул ишемби күнү Кыргызстанга кайтарын, келери менен расмий билдирүү жасай турганын белгиледи.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0