Конор Макгрегор октагонго кайтат. UFC башчысынын билдирүүсү

© AP Photo / John LocherИрландский боец UFC Конор Макгрегор
Ирландский боец UFC Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер 2018-жылы октябрда россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовго жеңилгенден бери беттештерге чыга элек.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт Twitter-аккаунтунда Конор Макгрегор октагонго качан кайтышы мүмкүндүгүн билдирди.

Ушул жумада ирландиялык спортчу Макгрегор Twitter баракчасына беттешке чыгуу ыктымалдыгына белги берип, "Дублин, 14-декабрь" деп жазган.

​Уайттын айтымында, уюмдун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону 14-декабрда Дублин шаарында беттеш өткөргүсү келип жатат.

"Сиздер Twitter аккаунтуна анын жазганын көрсөңүздөр керек. Ошол шаарда жана убакытта октагонго чыгуу каалоосу бар. Бирок ал күнү бизде Лас-Вегаста турнир пландалган. Эгер бул кечеде болбосо, кийинки жылдын башында спортко кайтса керек", — деген видеокайрылууда Уайт.

​Ирландиялык мушкер 2018-жылы 6-октябрда россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулгандан бери октагонго чыга элек. Анда россиялык мушкер чемпиондук наамын биринчи жолу коргоп, каршылашын муунтуу ыкмасы менен уткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0