13:11 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
алентина Шевченко Америкалык Жессика Айды уткандан кийин октагондо салттуу лезгинкасын бийледи.

Укмуш! Шевченко жеңишинен кийин чимириле лезгинка бийледи. Видео

© AP Photo / Kamil Krzaczynski
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
19805 0 0

Кыргызстандык мушкер UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Валентина Шевченко Америкалык Жессика Айды уткандан кийин октагондо салттуу лезгинкасын бийледи.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Español (@ufcespanol)

Эске сала кетсек, бүгүн Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды.

Мушкерлер Чикаго (АКШ) шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин башталышында эле Шевченко Айды көтөрүп чаап, үстөмдүгүн көрсөткөн. Экинчи раундда каршылашын бетке тээп, нокаутка кетирди.

Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп алтын курга ээ болгон. Ал бүгүн наамын ийгиликтүү коргоп калды.

Тема боюнча

Валентина Шевченко менен Жессика Айдын беттеши. Учурда эмне болуп жатат
Шевченко тиш кайраган атаандашына муштумун түйдү. Көз караштар таймашы видеодо
Валентина Шевченко саясатка барышы мүмкүнбү? Мушкердин жообу
Белгилер:
бий, жеңиш, наам, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC

ЭҢ МААНИЛҮҮ