Колдойлу! Бишкекте Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билеттер 1-июндан тарта сатыла баштайт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкек шаарында палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кикбокс беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө спорттун беш түрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Мелдеш 11-июнда борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Футбол федерациясы спортчуларды колдоп кетүүгө чакырат. Ошондой эле спорттук уюм Азия кубогунда колдогон ар бир күйөрманга ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы мыкты оюндарды көргөзүүгө ниет кылат.

Билеттерди 1-июндан тарта кассадан жана сатуучулардан алууга болот. Бул өлкөнүн Азия кубогунан кийинки алгачкы беттеши.

Жаңылыктар түрмөгү
0