05:04 16 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.5670
  • EUR78.4229
  • RUB1.1073
Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов Чикаго шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде чемпиондук курга ээ болду

Кыргызстандык Алмаматов АКШдагы жиу-житсу турниринде чемпион болду

© Фото / Атабек Нарбаев
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
186 0 0

Билимбек Алмаматов 77 килограмм салмакта кимоносу жоктор (No Gi) арасында күч сынашып, жергиликтүү спортчуларды жеңген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов Чикаго шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде чемпиондук курга ээ болду. Маалымат менен спортчу Instagram баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

Мелдешти америкалык NAGA (North American grappling Association) спорттук уюму уюштурган. Анда Билимбек Алмаматов 77 килограмм салмакта кимоносу жоктор (No Gi) арасында күч сынашып, жергиликтүү спортчуларды жеңген. Натыйжада ага NAGA чемпиондук куру берилген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bilim Almamatov (@almamatov0189)

Ошондой эле Алмаматов Лас-Вегас шаарында өтө турчу жиу-житсунун бразилиялык түрү боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жатканы кошумчаланды. Ал жиу-житсу боюнча мелдештерде 18 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль алган.

Тема боюнча

Төрт кыздын энеси Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды
Бишкек милициясынын подполковниги жиу-житсу боюнча АКШда жеңүүчү болду
Белгилер:
АКШ, Кыргызстан, Спорт, жеңиш

ЭҢ МААНИЛҮҮ