Азия чемпиону болгон Үзүргө айылдаштары таза кандуу күлүк мингизишти. Видео

© Фото / Максат КутманбековАзия чемпиону болгон Үзүргө айылдаштары таза кандуу күлүк мингизишти
Азия чемпиону болгон Үзүргө айылдаштары таза кандуу күлүк мингизишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон Үзүр Жусупбековго айылдаштары таза кандуу күлүк мингизип, калпак, чапан кийгизишти. Спортчу Талас облусунун Жон-Арык айылынан болот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Талас облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Максат Кутманбеков билдирди.

Эске сала кетсек, Үзүр Жусупбеков 28-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын байге уткан. Муну менен Кыргызстан эгемендик алгандан бери аталган мелдештен 22-алтын медалга ээ болгон.

Редакциянын кабарчысы Жусупбеков менен маек куруп, айылдаштары кандай тосуп алгандыгын сураган. Анда спортчу жакындарынын эле курчоосунда болгонун айтып берген.

Максат Кутманбековдун айтымында, айылдаштары Үзүрдүн Жон-Арыкка келгенин кечирээк билишкен.

"Балбаныбызды бүгүн өзү окуган мектепте салтанаттуу иш-чара уюштуруп куттуктап, белегибизди тапшырдык. Үзүр Жусупбековдун Жон-Арыкка келгенин кечирээк билип калдык. Анүстүнө күлүктү сатып алууга акча чогулткуча ушул болду. Бул белек үчүн кары-картаңдар, мигранттар, айыл өкмөт, деги эле айылдаштары жапа тырмак кол сунду. Таза кандуу күлүктүн баасы 123 миң сомго айланды", — деди Кутманбеков.

Үзүр Жусупбеков 22 жашта, килемде 97 килограмм салмакта күч сынашып келет. Жаштар жана чоңдор арасында Азия чемпиону. Ислам тилектештик оюндарында күмүш жана Азия оюндарында коло байгеге ээ болгон. Спортчунун үй-бүлөсү, балбандык жолу жана ой-максаттары тууралуу билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маекти окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0