05:11 16 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.5670
  • EUR78.4229
  • RUB1.1073
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архивдик сүрөт

Акжол Махмудов Германиядагы операциядан кийин кайтчу күнүн айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
170 0 0

Бир ай мурда балбан футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германиянын Кёльн шаарына кеткен болчу.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дарылануудан кийин, 28-апрелде, Бишкекке келет. Бул туурасында спортчу Instagram баракчасына жазды.






Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Акжол Махмудов🇰🇬 (@akjol_mahmudov)

Эске сала кетсек, марттын башында Махмудов футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германиянын Кёльн шаарына барган. Ал жакта операция ийгиликтүү жасалган. Көп өтпөй ден соолугун калыбына келтирип жатканын, ал тургай балдакты таштап машыгууга киришкенин кабарлаган.

"Кёьлн шаарында реабилитациядан өтүп жатам. Бишкекке 28-апрелде барам. Алдыдагы жеңиштерге белсенип турам. Колдооңуздар үчүн рахмат!" — деп жазган балбан.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов бүгүн туура 20 жашка чыкты. Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу 9 факты даярдаган.

Акжол Махмудов — өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси. Жаштар арасында дүйнө чемпиону. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашы деп Махмудовдун ыкмаларын атаган.

Тема боюнча

Акжол Махмудов: балдакты таштадым, үйгө баратам
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
Белгилер:
кайцра кайтуу, операция, күрөш, балбан, спортчу, Акжол Махмудов

ЭҢ МААНИЛҮҮ