00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акжол Махмудов 19 жашта! Келечекте көптү үмүттөндүргөн балбан тууралуу 9 факты

© пресс-служба ГАМФКиСГрек-рим күрөшү боюнча белгилүү жаш балбан Акжол Махмудов. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча белгилүү жаш балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим күрөшү боюнча белгилүү жаш балбан Акжол Махмудов бүгүн өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган.

Балбандын ысымы узун элдин учугуна, калың элдин кыйырына таанылып жаткан чагы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Азия чемпиону Акжол Махмудов тууралуу 9 факты сунуштайт.

1. Таянаар тоосу — үй-бүлөсү. Атасы Мухаммед (өз аты Махамаджан —ред) беш баланы эрезеге жеткирген. Өзү базарда соода-сатык менен алектенет. Акжолдун эки агасы Бексултан менен Сыймык дагы грек-рим күрөшүнүн балбандары. Карындаштары Зулфия 8-класста, Бегимай 5-класста окуйт. Балбан апасы тууралуу кеп кылганды жактыра бербейт.

© Фото / Зульфия ТургуноваАкжол Махмудовду спортко атасы алып келген. 1-классынан тарта килемде күчүн сынап келет
Встреча чемпиона Азии по греко-римской борьбе среди юниоров Акжола Махмудова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудовду спортко атасы алып келген. 1-классынан тарта килемде күчүн сынап келет

2. Бир нече жолу мектеп которгон. Үй-бүлөсү жашоо шартка байланыштуу Ош менен Бишкектин ортосунда жүргөндүктөн, беш ирет мектеп которгон. Балбан окуучу кезинде бейбаш болбогонун айтат. "Сабакты начар окусам да, мугалимдердин айткандарын так аткарганга аракет кылчумун" деп эскергени бар. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетинин 3-курсунда билим алат.

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону  Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Дартымды ойлоп баратып КамАЗды сүзүп алгам. Кикбоксчу Улан Касымбековдун маеги
3. Акжолдун спортко болгон жөндөмдүүлүгүн байкаган атасы күрөшкө алып келген. 1-классынан тарта килемде күчүн сынап келет. Спортто машыктыруучулары көп. Алгач айылдаш агасы Айбектин, ал армияга кеткенде Акбаралы деген жигиттин, борборго келгенде Жеңиш Сатыбалдиевдин колунда тарбияланган. Ал ортодо шартка байланыштуу кайрадан Ошко келет. Кыргыз күрөшү боюнча залда устаты жок бир жылдай машыккан. 8-классты бүткөндө Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине өтүп, Мейрамбек Ахметовдун колунда тарбияланып келет. Акжолду бийиктикке жеткирип, спорттогу ашууларга жетелеген, дал ушул — Ахметов.

4. Ийгилик артынан ийгилик. Балбандын тер агызган машыгуулары майнабын бербей койгон жок. Эң ириде ал кадеттер арасында эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында Азиянын чемпиону аталды. Кадеттер арасында дүйнө чемпиондугун жана жаштар арасында күмүш медалды багындырды. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталып, эл аралык класстагы спорт чебери наамын алган.

© Sputnik / Табылды КадырбековБыйыл чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Сүрөттө казакстандык атаандашы Демеу Жадыраев менен
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Быйыл чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Сүрөттө казакстандык атаандашы Демеу Жадыраев менен

5. Көтөрүп чапкан ыкмаларынын сыры. Балбан коомчулукка аз убакытта чоң ийгиликке жетишип, кармаш учурунда кооз ыкмаларды көрсөтүү менен таанылды десек болот. Айрымдар балбанды таланттуу деп эсептешет. Дегени менен Акжол мындай пикирге кошулбайт. "Машыгууда эл бир ыкманы жасаса, мен ар кандай ыкмаларды ойлоп табам. Күтүлбөгөн чабуулдарды үйрөнүүгө басым жасайм. Маселен көтөрүп чапкан ыкмаларга көнүш үчүн күнүнө 400-500 жолудан жасайм. Мен таланттуу эмес, эмгекчилмин" деп айтканы бар.

6. Акула каймана атын кантип алган? Махмудов мурда россиялык балбан Аслан Зубаировдун спорттогу жолуна абдан кызыкчу. Анын да каймана аты "Акула" эле. Акжол кумирин туурап интернет тармагына акула деп каттала баштаган. Эми аны баары дал ушул каймана аты менен тааныйт. Балбан ар дайым кармаштарына акуланын сүрөтү бар спорттук кийимдерди кийип чыгат.

Учурда Акжол өзбекстандык балбан Элмурат Тасмурадовго баа берет. Тасмурадовдун улуту казак, бирок, Өзбекстандын атынан күрөшөт. Акжол аны атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утуп, жер каратат деп маашырлана белгилеп келет.

© Фото / World WrestlingАкула — балбандын каймана аты. Ар дайым кармаштарына акуланын сүрөтү бар спорттук кийимдерди кийип чыгат
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Акула — балбандын каймана аты. Ар дайым кармаштарына акуланын сүрөтү бар спорттук кийимдерди кийип чыгат

7. Жаңы салмак категориясына өттү. Балбан буга чейин олимпиадалык эмес, башкача айтканда 72 килограмм салмакта күч сынашып келсе, эми 77 килограмдык салмакка өттү. Себеби 12-13 майда КРдин чемпионаты өтүп, анда август айында Индонезияда боло турчу Азия оюндарынын катышуучулары тандалат. Анан да Олимпиада оюндарына лицензия бере турчу оюндар эмдиги жылдан башталат.

8. Эки батирди белекке алган. Махмудов 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утуп алгандан кийин, өзү туулуп өскөн Ош облусундагы жердештери тарабынан Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктарга ээ болгон. Балбан буга чейин үй-бүлөсү менен батирди ижарага алып жашап келген.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшАкжол Махмудов Азия чемпиону аталгандан кийин Ош облусундагы жердештери тарабынан Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батирге ээ болгон
Встреча чемпиона Азии по греко-римской борьбе Акжола Махмудова в Оше  - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов Азия чемпиону аталгандан кийин Ош облусундагы жердештери тарабынан Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батирге ээ болгон

9. Бильярдчы-балбан. Спортулардын да хоббиси болот. Бири ырдаганды, экинчиси бийлегенди жактырат. Акжол дээрлик чыгармачылыкка жок. Бирок бильярдды катырат. Жумасына үч жолудан бильярд клубуна барганды адатка айланткан. Ошондой эле тенниске да кызыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0