Татыктуу тосуп алалы! КР футболчуларынын кайта турган күнү айтылды

© REUTERS / SUHAIB SALEMИгроки сборной Кыргызстана по футболу перед матчем 1/8 финала Кубка Азии по футболу со сборной ОАЭ в Абу-Даби. 21 января 2019 года
Игроки сборной Кыргызстана по футболу перед матчем 1/8 финала Кубка Азии по футболу со сборной ОАЭ в Абу-Даби. 21 января 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөрмандар таң эрте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стандиондун кире беришине чогулат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы күйөрмандарды курама команданы "Манас" аэропортунан тосуп алууга чакырды.

Маалыматта команда Кыргызстанга 24-январь күнү таңкы саат 05.00дө Дубай — Бишкек каттамы менен келери айтылат. Эскерте кетсек, улуттук команда Азия кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмирлигинен утулугандан кийин мелдештен четтеди.

"Келгиле, Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн баатырларыбызды татыктуу тосуп алалы!" — деп айтылат билдирүүдө.

Күйөрмандар саат таңкы 4.00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кире беришине чогулат. Автобусту федерация уюштурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0