Алдыңкы спортчулар айына 1000 доллардан алабы? Өкмөттүн жаңы токтому

Жазылуу
Эски токтомдун негизинде жогорку жыйынтыкка жетишкен спортчуларга 45 миң сомго чейин стипендия берилчү.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасына кирген спортчулардын стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өрт жигиттер! Өлкөнүн эң мыкты жана эң кымбат футболчулары кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Өрт жигиттер! Өлкөнүн эң мыкты жана эң кымбат футболчулары кимдер?
Эске сала кетсек, эски токтомдун негизинде жогорку жыйынтыкка жетишкен спортчулар айына 45 миң сомго чейин стипендия алышчу. Ал эми жаңы тартип боюнча стипендия төлөө кийинки жылдан тарта күчүнө кирет.

Маалыматка ылайык, стипендия спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияга бөлүнүп, ай сайын чегерилет.

Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

  • I категория — 75 миң сом;
  • II категория — 60 миң сом;
  • III категория — 50 миң сом;
  • IV категория — 40 миң сом;
  • V категория — 30 миң сом;
  • VI категория — 20 миң сом;
  • VII категория — 10 миң сом;

Cпорттун улуттук түрлөрү:

  • I категория — 25 миң сом;
  • II категория — 20 миң сом;
  • III категория — 15 миң сом;

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

  • I категория — 20 миң сом;
  • II категория — 15 миң сом;
  • III категория — 10 миң сом;
  • IV категория — 8 миң сом.

Ошондой эле токтомдо спортчулардын стипендиясынын мөөнөтү катышкан мелдешине жараша экендиги белгилгенген.

"Стипендиялар бир жылдык мөөнөткө берилет. Олимпиадалык (паралимпиадалык) оюндарда, Азия (Пара Азиялык оюндар) оюндарында, Дүйнөлүк универсиадада, Ислам тилектештик оюндарында, жабык Азия оюндарында, пляждык Азия оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга стипендия эки жылдык мөөнөткө төлөнөт. Эгерде спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат менен Азия чемпионаты эки жылда бир жолу өткөрүлсө, анда мындай мелдештерде байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн стипендия эки жылдык мөөнөткө чегерилет. Мелдештердин бир нече түрүнөн спортчу байгелүү орундарды жеңип алган учурда стипендия эң жогорку көрсөткүч боюнча берилиши шарт", — деп айтылат маалыматта.

Стипендия алуу үчүн эмне документ керек?

— Спортчунун арызы же машыктыруучунун рапорту;

— Мелдештин протоколу;

— Стипендияны которуу үчүн карталык эсеп;

— Паспорттун көчүрмөсү.

Стипендияны төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

— Стипендиат Кыргызстандын курама командасынын курамынан чыгарылганда;

— Жекече пландарды жана келишимдин шартын аткарбаганда:

— Спортчу тыюу салынган препараттарды (допинг) кабыл алганда;

— Допинг көзөмөлдөн (тигил же бул мелдешти тейлеген допинг көзөмөлдөөчү инспектордун тастыктоочу документтеринин негизинде) өтүүдөн баш тартканда;

— Тапшырган документтер так болбогондо;

— Стипендия алуучу каза болгондо, ошондой эле ал КРдин жарандык мыйзамдарына ылайык дайынсыз жок болгон же каза болгондугу кабарланган деп таанылган учурларда;

— Спорттук этиканы, спорт менен машыгуу режимин бузгандыгын ырастоочу документтер берилгенде;

— Эл аралык мелдештерге чет мамлекет үчүн чыкканда;

— Спорттук карьерасын токтоткондо.

Кыргызстандык тайбоксчу, UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: өз акымдан сырткары корей кыздын акчасынан да алмай болдум
— Эгерде допингге каршы тийиштүү уюм тарабынан спортчуга карата допингге каршы эрежелерди бузушу мүмкүндүгүнө байланыштуу расмий спорттук иш-чараларга катышуудан убактылуу четтетүү түрүндө санкция колдонулган учурда спортчуга стипендия төлөө токтотулат. Допингге каршы эрежелерди бузуу фактысы тастыкталбаган учурда спортчуга төлөнбөй калган күндөрү үчүн стипендиянын суммасы төлөнүп берилет.

Өмүр өткөнчө стипендия алуу мүмкүн

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлери өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия алууга акысы бар.

  • I орун — 30 миң сом;
  • II орун — 25 миң сом;
  • III орун — 20 миң сом.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов баштаган балбандар мамлекеттен канча каражат аларын билип көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0