Жоламан Шаршенбеков деген ким? Балбан тууралуу 7 факты

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке
Чемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 55 килограмм салмактагылар арасында күмүш байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргыз балбаны. 2006-жылы Канатбек Бегалиев финалга чыгып, бирок жеңиш атаандашына буюргандыктан экинчи орунга ээ болгон.

1. Таластын жигити. Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган.

2. Үй-бүлөсү. Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТоржественная встреча Сооронбая Жээнбекова со спортсменами, показавшими лучшие спортивные результаты в 2017 году
Торжественная встреча Сооронбая Жээнбекова со спортсменами, показавшими лучшие спортивные результаты в 2017 году - Sputnik Кыргызстан
Торжественная встреча Сооронбая Жээнбекова со спортсменами, показавшими лучшие спортивные результаты в 2017 году

3. Билими. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 3-курсунун студенти.

4. Футболду сүйөт. Балбан күрөшкөндөн сырткары топту мыкты ойнойт. Жада калса машыгууларга чыкканда футболго убакыт табаарын айтканы бар.

5. Акжол Махмудовдун жакын досу. Эки балбан жакын теңтуштардан. Махмудов социалдык тармактагы баракчасына ар дайым "родной" деп жазып Жоламан менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөйт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБорцы греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков и Акжол Махмудов
Борцы греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков и Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Борцы греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков и Акжол Махмудов

Ошондой эле алардын мелдеш учурунда, машыгууда же эс алууда чогуу көп жүргөндөрүн байкоого болот. 

6. Балбанды таптаган ким? Учурда Эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудовдун колунда тарбияланат. 

7. Спортчунун ийгиликтери:

Грек-рим күрөшү боюнча КРдин көп жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери.

2015 — Индияда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;

2016 — Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында коло медаль;

2016 — Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль; 

2017 — Жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль;

2017 — Жаштар арасындагы Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;

2018 — Чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль;

2018 — Чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль.

Жаңылыктар түрмөгү
0