21:41 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (43)
2579 0 0

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, белгилүү мушкерлердин кармашы жекшемби күнү таң эрте башталат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясы Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешин түз алып көрсөтөт. Бул туурасында КТРК спорт каналынын Instagram тармагындагы расмий баракчасында айтылат. 

Эки мушкердин чемпиондук наам үчүн кармашы 6-октябрда Лас-Вегаста UFC 229 турниринин алкагында өтөт.

Кыргызстандыктар убакыттын айырмачылыгынан улам жекшемби күнү эртең менен көрө алат.

Мелдеш Бишкек убактысы менен таңкы саат 4.30да башталат. Хабиб менен Конордун сегиз бурчтукта жолугушуусу турнирдин башкы кечеси болмокчу. Мушкерлер турнирдин эң аягында, тагыраагы саат 9.00дө чыгышы ыктымал (беттештин так убактысы айтылган эмес).

Редакция буга чейин кыргызстандык спорт көзүрлөрүнөн UFC мушкерлеринин беттеши кандай өтө турганын жана Нурмагомедов менен Конордун кимиси жеңе турганын сураштырган.

Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (43)

Тема боюнча

Хабибби же Конорбу? Кыргыз спортунун көзүрлөрү кимисин чемпион көрөт?
Хабиб Нурмагомедов үй-жайсыз адамга жасаган мамилеси үчүн жемеге калды
Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен күч сынашат
Белгилер:
спорт, убакыт, чемпион, кармаш, КТРК, UFC, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов

ЭҢ МААНИЛҮҮ