Бүгүн Кыргызстан менен Сириянын футболчулары Бишкекте беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жолку оюнга команданын мыкты футболчулары, капитан жана коргоочу Азамат Байматов менен жарым коргоочу Антон Землянухин катышпайт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүгүн, дүйшөмбү күнү Бишкектеги Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча курама командалары беттешет.  Бул туурасында КРдин Футбол боюнча федерациясынан кабарлашты.

Федерация футбола КР представила обновленный автобус национальной сборной - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча курама команданын автобусуна тагылчу ураанга сынак жарыяланды
Кыргызстандык футболчулар Сириянын курамасы менен Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн таймашат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Ушу тапта FIFA рейтингинде Кыргызстандын командасы 92-орунда болсо, Сирия 73-позицияда.

Эске салсак, 6-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон жолдоштук беттеште тең чыккан.

Анда командалар оюнду 1:1 эсебинде аякташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0