Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты

© Фото / Анастасия МарченкоТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 8-сентябрда, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиондук наамы үчүн америкалык Никко Монтано менен кармашат. Беттеш Даллас (АКШ) шаарында өтмөкчү.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кыз-келиндер арасында алгачкы ирет UFC уюмунун чемпиондук наамы үчүн беттешип жатат. Буга чейин эркектер арасында россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.  

Мындан улам редакция кыргыздын сары кызы Валентина Шевченко тууралуу 10 факты сунуштайт.

© федерация тайского бокса КРВалентина Шевченко рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн "Ок" лакап атын алган
Сестры Шевченко вышли в финал Королевского кубка по муай-тай в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн "Ок" лакап атын алган

Беш жашында башталган спорт. Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында туулган. Апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси. Андыктан Валентина менен эжеси Антонинаны жөнүндө "алма сабагынан алыс түшкөн жок" деп айтууга болот. Беш жашынан тарта "Фучик" сейил багындагы таэквондо секциясына барып, машыктыруучу Павел Федотовдун колунан тарбиялана баштаган.

"Ок" жана жашырылган жаш курак. 12 жашында Россияда муай-тай боюнча өзүнөн беш жаш улуу спортчу менен алгачкы профессионалдык беттешин өткөрүп, жеңип алган. 15 жашында Казакстанда болгон ММА турниринде өзүнөн 10 жаш улуу мушкер менен чыккан. Жакындары элди таң калдырууну каалабагандыктан дайыма турнирге жиберилген арызга 17 жашта деп жазып кетиришчү. Машыктыруучусу Павел Федотовдон рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн "Ок" лакап атын алган. 

© Фото / Jeff SainlarСпортчунун эжеси Антонина Шевченко дагы эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Спортчунун эжеси Антонина Шевченко дагы эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер

Чет өлкөгө эмнеге кеткен? Шевченко чет өлкөгө биринчиден, спортто өсүш үчүн чоң деңгээлдеги мелдештерге байма-бай чыгып туруу максатында кетет. Экинчиден саякаттаганды жактыргандыктан эжеси Антонина, машыктыруучусу Павел Федотов менен алгач 2005-жылы Орусиянын Сочи шаарына барышат. Ал жактан тай боксу, бокс жана ММА менен машыгууну улантып, төрт ирет тай боксу боюнча Дүйнө чемпиондугун багындырат. Акырында профессионалдык беттеште татыктуу атаандаш калбай калып, Латын Америкасындагы Перу мамлекетине көчүп кетишет. Перу гана эмес, Бразилия, Аргентина, Парагвай жана Мексикага чейин барып, эжеси экөө аталган өлкөлөрдүн чемпиондорун улам утуп турушат. Муну менен чектелбей, жыл сайын бир канча ай Таиланд, Макао, Кытай жана Малайзия өлкөлөрүндө машыгууларды өткөрүшөт. 

Ак жолтой сапар жана UFC. Валентинага Балиде эс алып жүргөндө менеджери Рожер Аллен чалып "UFC боюнча Сара Кауфман менен беттешке чыгасыңбы?" деп сураганда, ойлонбой туруп "чыгам" деген. Беттеш болоруна бир жумадай гана убакыт калгандыктан дароо келишимге кол коюп, ошол эле күнү машыгууга Орландого учуп кетишет. Ал сапары ак жолтой болуп, Strikeforce чемпиону Кауфманды 3-раунддун жыйынтыгында чөп чапкандай кылган. Бул жеңиштин артынан UFC жетекчиси Дана Уайт аталган уюмда дагы жети беттеш өткөрүү келишимин сунуштаган. 

© AP Photo / Nam Y. HuhШевченко Холли Холмду утуп алгандан кийин Аманда Нуньести реваншка чакырган
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Холли Холмду утуп алгандан кийин Аманда Нуньести реваншка чакырган

UFC уюмундагы жеңиш, сыноо, бурулуш. Ушуга чейин UFC уюмунда алты жолу беттеш өткөргөн. 61 килограмм ченде Сара Кауфманды, мурдагы чемпион Холли Холмду, Жулианна Пеньяны утуп, эки ирет бразилиялык Аманда Нуньеске утулуп калган. Ошондон кийин салмак категориясын 61ден 57ге түшүрүп, бөлөк дивизионго өткөн. Биринчи кармашында бразилиялык Присцилла Кечоейраны уткан. Мындан улам UFC уюму чемпиондук наам үчүн америкалык Никко Монтаного каршы беттеш коюп берген.  

Америкалык UFC уюмунда ат салышуу кыйын, бирок Шевченконун тажрыйбасы мол. Ал муайтай жана К1 боюнча 58 ирет профессионалдуу беттеш өткөрүп, анын бирөөсүндө гана утулган. ММА боюнча профессионалдуу 18 беттеш өткөрүп, анын 15инде уткан (бешөө нокаут, калганы кайруу-муунтуу ыкмасы менен). Муайтай, K1 жана MMA боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк уруш оюндарынын искусствосунун эки жолку чемпиону.

UFC АКШдан тыш 2018-жылдын эсеби менен биринчи жолу турнир өткөрүп жатат. Бразилиянын түндүк аймагындагы шаар туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн тандалган.

Спортчунун Инстаграм баракчасына 497 миң адам катталган. Социалдык тармакта активдүүлүгүн көрсөтүп, видео, сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турат.

@Regrann from @ufcforluxury

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Авг 17 2017 в 7:12 PDT

Лезгинканын "атасын таанытканда". Шевченко бала кезинен тарта спорт менен бийди айкалыштырган. Азыр бир нече элдин бийин аткарат, анын ичинен лезгинканы катырат. Себеби бий боюнча окутуучусу грузин улутундагы адам болгондуктан жакшы таасир берген. Мындан сырткары спортчу гитарада ойноп, ырдаганды жактырат, сүрөт тартат.

Foto @marchyn Style @mila_makhetova

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Май 6 2017 в 2:58 PDT

Көзгө атар мергенчи. Бул сапаттары тууралуу Валентинанын "мен атканды билип, тапанчам болгонуна карабастан, аны көтөрүп жүрбөйм. Жаа атууну спорттун бир түрү катары карайм", — деп айтканы бар.

Устаты шакиртин аман алып калганда. 2016-жылы 31-майда Валентина Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотов ресторандардын биринде тамактанып отурганда беткапчан белгисиз үч адам кирип, кассадан акча талап кылган. Федотов каракчылардан коргонуу үчүн жанында алып жүргөн тапанчасын колдонууга аргасыз болуп, ичине ок жеген. Шевченконун "машыктыруучум мени жана анын ичиндеги кишилерди сактап калды" — деп айтканы бар. 

© AP Photo / Nam Y. HuhШевченко ушуга чейин UFC уюмунда төрт беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңип, бирөөндө утулуп калган
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Шевченко ушуга чейин UFC уюмунда төрт беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңип, бирөөндө утулуп калган

Турмушка шашпайм! Валентина Шевченко жакында эле Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, спорттогу чыйыр жолу, жашоосундагы урунттуу учуру жана жеке турмушу тууралуу кеп кылган. Анда "турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, бирок карьера күтпөйт" деп айткан

Жаңылыктар түрмөгү
0