Кыргызстандын эң кымбат футболчуларынын бири казак клубуна өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Землянухин жаңы клубда 7 саны менен футбол талаасына чыкмакчы

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин Казакстандын "Атырау" клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдан билдиришти.

© ВКонтакте/ ФК АТЫРАУ / FC ATYRAUПолузащитник сборной Кыргызстана Антон Землянухин
Полузащитник сборной Кыргызстана Антон Землянухин - Sputnik Кыргызстан
Полузащитник сборной Кыргызстана Антон Землянухин

Канттын "Абдыш-Атасынан" тарбияланып чыккан 28 жаштагы футболчу буга чейин Түркиянын "Гиресунспор", Сербиянын "Раднички" жана Таиланддын "Сисакет" жана "Сукхотхай" клубдарында ойногон.

Ал эми казакстандык клубга өткөнгө чейин Россиянын "СКА-Хабаровск" клубунда машыккан.

Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
WEF Global 11 турниринде кимдер кыл чайнашат? Мушкерлердин файткарды
Баса, Землянухин буга чейин Казакстандын "Тараз", "Кайрат", "Кайсар" жана "Актөбө" командаларында ойноп, 20 оюнда 9 гол киргизген. Ал эми жаңы клубда 7 саны менен футбол талаасына чыкмакчы.

Землянухинди немистердин футбол тууралуу жазган Transfermarket.de басылмасы Кыргызстандын курама командасындагы эң кымбат оюнчу деп тапкан. 

Учурда анын баасы 300 миң еврого жетип, бир гана Валерий Кичинден (500 миң евро) артта калууда.

Эске салсак, өткөн айда КРдин курама командасынын капитаны Азамат Байматов индонезиялык "Борнео" клубу менен келишим түзгөн. Былтыр бул футболчу Омандын "Сохар" клубунун атынан ойногон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0