Мушкер Кылычбек Садирдинов Чеченстандын "Ахмат" клубунун турниринде күч сынашат

© Фото / федерация WEFКыргызстандык мушкер Кылычбек Садирдинов (оңдо). Архив
Кыргызстандык мушкер Кылычбек Садирдинов (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир 24-февралда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өтөт

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Кылычбек Садирдинов Чеченстандын "Ахмат" клубунун WFCA (World fighting championship Akhmat — ред.) лигасынын турниринде күч сынашат. Бул тууралуу маалыматты спортчу өзү билдирди.

Аталган турнир 24-февралда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өтөт. Анда Садирдинов жергиликтүү мушкер Анзор Абдулхожаев менен беттешет.

Этнический кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын ММА чемпиону Мамбеттокто: октагонго "кыргыз" деп чакыргыла дейм
Кыргызстандык мушкер Москвадагы "Айкөл-Манас" спорттук клубунунун тарбиялануучусу. Машыктыруучусу — Нургазы Амиракулов.

2016-жылы Владивостокто өткөн кармашып урушуу боюнча чемпионатта алтын медаль, 2017-жылы уруш түрүндөгү самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. Панкратион боюнча дүйнө кубогунда чемпион. Аталган спорт түрлөрү боюнча спорт чебери.

ММА боюнча бир нече профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0