11:39 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Реал Мадрид менен Португалия курама тобунун футболчусу Криштиану Роналду. Архив

Роналду алтын топтун саны боюнча Мессини кууп жетти

© AFP / FABRICE COFFRINI
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
131 0 0

Португалиялык оюнчу "Реал" менен кошо чемпионатты, Испаниянын суперкубогун, Чемпиондор лигасын жана UEFA уюмунун суперкубогун багындырган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Реал Мадрид" менен Португалия курама тобунун футболчусу Криштиану Роналду бешинчи "Алтын топко" ээ болду. Бул тууралуу Р-Спорт сайты жазып чыкты. 

​Сыйлык France Footbol француз журналы тарабынан жылдын эң мыкты оюнчусуна ыйгарылат. Сыйлык тапшыруу аземи бейшемби күнү, 7-декабрда, Парижде өттү.

"Алтын топко" болгон жарышта Роналду "Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси менен Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчусу Неймарды артта калтырган.

Алдыңкы ондукка төмөнкү футболчулар кирди:

4 — Жанлуиджи Буффон (Италия жараны, "Ювентус" клубу);

5 — Лука Модрич (Хорватия, "Реал Мадрид");

6 — Серхио Рамос (Испания, "Реал Мадрид);

7 — Килиан Мбаппе (Франция, "ПСЖ"),

8 — Н"Голо Канте (Франция, "ПСЖ");

9 — Роберт Левандовски (Польша, "Бавария");

10 — Харри Кейн (Англия, "Тоттенхэм).

Роналду октябрь айында FIFA эл аралык футбол федерациясынын версиясы боюнча жылдын эң мыкты оюнчусу катары таанылган. Эми ал бешинчи ирет "Алтын топтун" ээси болуп жатат. Буга чейин ал бул наамга 2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдары татыган. Буга ылайык, португалиялык оюнчу "Алтын топтун" саны боюнча рекорд койгон Лионель Мессини "кууп" жетти.

"Реалдагы" досторума ыраазычылык билдиргим келет, мен үчүн командам чоң мааниге ээ. Ошондой эле эң мыкты формада болууга жардам бергендерге өзүнчө рахматымды айтам", — деди футболчу.

Үстүбүздөгү жыл ичинде Роналду "Реал" менен кошо чемпионатты, Испаниянын суперкубогун, Чемпиондор лигасын жана UEFA уюмунун суперкубогун багындырган.

"Алтын топ" 1956-жылы France Football тарабынан негизделген. Ал Европадагы эң мыкты аталган футболчуга берилет (жыйынтык спорт журналисттеринин пикирин эске алуу менен чыгарылат). 2010-жылы FIFA менен France Football "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" менен "Алтын топ" наамдарынын бириктирилгенин жарыялаган. Жаңы наам негизделгенден кийин "ФИФАнын алтын тобу" наамы дүйнөдө календардык жылда мыкты аталган футболчуга берилет. Мыкты футболчуну машыктыруучулар, улуттук курама команданын капитандары жана спорт журналисттери аныкташат.

Белгилер:
Алтын топ, Футбол, Криштиану Роналду
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ