БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena эл аралык кубогун багындырган Бишкектин хоккей боюнча "Алга Бишкек" юниорлор курама командасы бүгүн таңда Кыргызстанга учуп келишти. Жаш спортчуларды шаар мэри Албек Ибраимов, КРдин Хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов жана ата-энелери Эл аралык "Манас" аба майданынан тосуп алышты.

АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena эл аралык кубогун багындырган Бишкектин хоккей боюнча "Алга Бишкек" юниорлор курама командасы бүгүн таңда Кыргызстанга учуп келишти

Жаш спортчуларды шаар мэри Албек Ибраимов, КРдин Хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов жана ата-энелери Эл аралык "Манас" аба майданынан тосуп алышты

Мэр жаш хоккейчилерди жеңиши менен куттуктап, алар жыл соңунда Кыргызстанга чоң белек алып келишкенин белгиледи

Жаш спортчулар АКШнын төрт командасы менен күч сынашкан. Алгачкы беттешинде "Ice Dogs 2" командасы менен кез келип 11:7 эсебинде утулуп калышкан

Экинчи айлампада оюн талаасына Чикагонун курама командасы менен ойноп 9:3 эсеби менен уткан

Андан соң "Evelance" командасын 12:2 упай менен жеңип финалга жолдомо алышкан

Башкы беттеште биринчи айлампада утулуп калган "Ice Dogs 2" командасы менен чыгып, тер агызган мээнет менен 5:5 тең чыккан

Эсеп бирдей болуп калгандыктан, жеңүүчүнү аныкташ үчүн буллит дайындалып, анын натыйжасында 8:7 эсебинде кыргызстандык жеткинчек оюнчулар жеңишке жеткен.

Мэр жаш хоккейчилерди жеңиши менен куттуктап, алар жыл соңунда Кыргызстанга чоң белек алып келишкенин белгиледи.
Жаш спортчулар АКШнын төрт командасы менен күч сынашкан. Алгачкы беттешинде "Ice Dogs 2" командасы менен кез келип 11:7 эсебинде утулуп калышкан. Экинчи айлампада оюн талаасына Чикагонун курама командасы менен ойноп 9:3 эсеби менен уткан. Андан соң "Evelance" командасын 12:2 упай менен жеңип финалга жолдомо алышкан. Башкы беттеште биринчи айлампада утулуп калган "Ice Dogs 2" командасы менен чыгып, тер агызган мээнет менен 5:5 тең чыккан. Эсеп бирдей болуп калгандыктан, жеңүүчүнү аныкташ үчүн буллит дайындалып, анын натыйжасында 8:7 эсебинде кыргызстандык жеткинчек оюнчулар жеңишке жеткен.