06:47 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Аманда Нуньес менен болгон беттеши

Шевченко Нуньес менен болгон беттештен кийин депрессияга түшпөй турганын айтты

© REUTERS / Perry Nelson
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)
198 0 0

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Аманда Нуньес менен болгон беттештин жыйынтыгына нааразы экенин билдирген.

Канаданын Эдмонтон шаарында өткөн UFC 215 беттешинин жыйынтыгында Шевченко Нуньеске упай менен жеңилип калган.

 

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Сен 12 2017 в 11:13 PDT

 

Валентина Шевченко өз кайрылуусун социалдык баракчага жарыялады.

Күйөрмандарга ыраазычылык билдирген Шевченко каршылашы чабал аракеттерди көргөндүктөн бир эле учурда чабуулга жана контрчабуулга өтүүгө аргасыз болгонун баса белгилейт.

"Айрамдары ал (Нуньес — ред.) октагондун ортосун ээлегендиктен ага артыкчылык берди деп айтып жатышат. Биздин беттеште "октагондун ортосун ээлеп, жеңишке жет" деген түшүнүк жок. Сен сегиз бурчтуктун ортосун ээлеп алып, бирок бардык соккуларды өзүңө кабыл алышың мүмкүн. Мушкер октагондун ичин толугу менен колдонуп, ал жерден өзүнүн тактикасын жана стилин колдонушу керек", — деп жазды Шевченко.

Ал ошондой эле мушташта кандай тактиканы колдонгонун билдирди. Анын айтымында, өзүнөн чоң жана оор болгон мушкерге ачыктан-ачык чабуулга өтүү бир жети акылга сыйбаган жорук болмок. Шевченко беттеште негизги басымды техникага, тактикага жана ылдамдыкка басым жасаган.

Калыстардын чыгарган чечимине көңүлү чөккөнүн, бирок андан улам депрессияга түшпөй турганын баса белгиледи.

Шевченко кайрылуусунун аягында бразилиялык мушкер менен беттешип калышы мүмкүн экенин айтты.

Тема:
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)

Тема боюнча

Валентина Шевченко бразилиялык каршылашы Нуньеске жеңилип калды
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
Белгилер:
мушкер, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко

ЭҢ МААНИЛҮҮ