АКШны багындырган таш муштум Машрапов: Россияга эл катары үй-бүлөмдү багам деп баргам

© Sputnik / Табылды КадырбековБоец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов
Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Тилек Машрапов 10-июнда Американын Огайо штатында өткөн ММА боюнча эл аралык "Big Guns 24" турниринде атаандашы Жей Ти Миллерди экинчи раундда утуп алган. Кайратынан тайбас Машрапов ММА боюнча бир нече беделдүү беттештин жеңүүчүсү.

Россиянын Москва шаарында жашап, кыргыздын атын далайга тааныткан 27 жаштагы спортчу Тилек Машрапов менен журналист Гүлдана Талантбекова байланышка чыгып, кененирээк таанышты.

— Тилек, жеңиш кут болсун! Абалыңыз кандай, адатта спортчулар беттештен кийин катуу чарчашат деп угам. Кантип эс алып жатасыз?

— Рахмат. Спорттогу беттеш өзү эмес, беттешке чейинки даярдык маанилүү. Эки ай калганда тамакты мүнөздөп, оор машыгууларды баштан кечирип, салмак кууй баштайбыз. Мыкты даярдык — жеңишке чоң мүмкүнчүлүк. Абалым жакшы. Беттештен кийин бир жума эс алуубуз шарт. Азыр Чикаго шаарында мекендештердин сыйын көрүп, эс алып жатам. 

© Фото / Айбек МусаевТилек Машрапов: спорттогу беттеш өзү эмес, беттешке чейинки даярдык маанилүү. Эки ай калганда тамакты мүнөздөп, оор машыгууларды баштан кечирип, салмак кууй баштайбыз. Мыкты даярдык — жеңишке чоң мүмкүнчүлүк
Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Тилек Машрапов: спорттогу беттеш өзү эмес, беттешке чейинки даярдык маанилүү. Эки ай калганда тамакты мүнөздөп, оор машыгууларды баштан кечирип, салмак кууй баштайбыз. Мыкты даярдык — жеңишке чоң мүмкүнчүлүк

— Социалдык тармактардан машыктыруучуңуз Айбек Мусаев менен менеджериниз Стэн Колесниченко Америкадагы күчтүү клубдардын биринде машыктырып, атайын салмак кууган программа менен иштедик деп жазып жатышты. Бул нерселер сиздин утушуңузга таасир берсе керек?

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
— Мени ушул деңгээлге жеткирген агайым Айбек Мусаевге рахмат. 10-июндагы жеңишимди биринчи кезекте агайыма арнадым. Ошол күнү агайымдын туулган күнү болчу. Америкадагы менеджерибиз Стэн Колисниченко өтө жөнөкөй адам. Машыктыруучубуз ал киши менен иштешип, экөө биздин чет өлкөдөгү мелдештерге чыгышыбызга көптөгөн аракеттерди кылып жүрүшөт. Бул жолу салмак түшүрүүнүн жаңы ыкмасын колдондук. Башкача айтканда, салмакты азайтып, бирок күч-кубатты сактап калабыз. Аны бизге UFCнин мушкери Курт Кауффман үйрөтүп, эч кыйынчылыксыз таразага түштүк. Салмак куугандан кийин өзүмдү абдан жеңил сезип, мелдешке жакшы маанай менен чыктым. Албетте, жеңиш үчүн бул нерселер чоң таасирин берет. 
© Фото / Айбек МусаевМени ушул деңгээлге жеткирген агайым Айбек Мусаевге рахмат. 10-июндагы жеңишимди биринчи кезекте агайыма арнадым
Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Мени ушул деңгээлге жеткирген агайым Айбек Мусаевге рахмат. 10-июндагы жеңишимди биринчи кезекте агайыма арнадым

— Машыктыруучуңар Айбек Мусаев ММА боюнча америкалык менеджер Стэн Колесниченко менен кыргызстандык спортчуларга келишим түзүп, иштешип жатканынан кабарым бар. Келишим менен иштешүү силерге кандай пайдасын тийгизип жатат? Алар менен иштешпей жүргөндө чоң турнирлерде ат салышуу кыйынчылык жаратчу беле?

— Эки жыл мурун америкалык менеджер Стэн Колисниченко менен биздин "Жаш күч" спорт клубунун беш баласы — мен, Тилек Батыров, Эрлан Улукбеков, Бахтияр Тойчубаев, Орозбек Марипов болуп келишим түзгөнбүз. Жакынкы күндөрү алар дагы машыгууларын Америкадан улантат. Дүйнөнүн эң мыкты ММА клубунда үлкөн мушкерлер менен машыгуу биз үчүн чоң тажрыйба. Спортто ат салышуу оңой эмес. Башка тармак сыяктуу эле спортто каражат маселеси, көрө албастык, ушак, атаандаштык, бөлүнмөй деген нерселер бар. Көрүүчүлөр биздин эмгектин жыйынтыгын гана көрүшөт.

— Бул ошондо канчанчы жеңишиңиз? Ушул суроого улай жеңилген да учурларыңызды айта кетсеңиз?

— Мелдештин санын аныктаган Sherdog сайты боюнча профессионалдык сегиз беттештин ээсимин. Сайтка кирбей калган дагы төрт жеңишим бар. Эки жолу калыстар жеңилди деп чечим чыгарышкан. Бирок мен ал эки мелдешти тең жеңгем деп ишенимдүү айта алам. Кээде калыстар адилеттүүлүктү унутуп койгон учурлар болот.

— Москвада жашап, "Жаш күч" спорт клубунда машыгасыз. Ал жакта кошумча иш менен алектенесизби? Деги эле спорт менен жан багууга мүмкүнбү?

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
— Өзүм Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылынан болом. Үй-бүлөлүүмүн, бир кыздын атасымын. Россияга эл катары ата-энеме жардам берем, үй-бүлөмдү багам деп келгем. Көп жерде иштеп, жашоонун ысыгын да, суугун да тарттык. Ушунун баары спортко келишиме түрткү болду. Жашооодо болуп өткөн кыйынчылыктар спортто стимул берет. 2014-жылы "Жаш күч" спорт клубунун машыктыруучусу Айбек Мусаевдин даярдаган балдарын көрүп, мен дагы келечекте чемпион болгум келди. Учурда спорттон башка иш менен алектенбейм. Анткени агайым мага чоң үмүт артып, ар тараптан колдоо көргөзүп, машыгуума шарт түзүп келет. Буюрса, мээнетин актайбыз.

— Спорттук беттештерге катышуудагы каржы маселеси, спорт залдын ижара акысы, утуш-байгелердин үлүшү силерде кандай чечилет?

— Баардык жерде спорт залдарга акы төлөнөт. Москвада агайыбыз жеңилдик катары жогоруда аты аталган беш балага машыгууну бекер кылып берген. Бирок мелдештерде уткан байгенин 20 пайызын агай менен бөлүшөбүз. Бул жагынан бизде көйгөй жок.

— ММА — аралаш мушташ. Ошентсе да ар бир спортчунун жеке өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, бокстан келгендер мыкты нокаут, күрөштөн келгендер партерде жакшы иштеп, жеңишке жетет. Сиздин өзгөчөлүгүңүз эмнеде?

— ММА спорту ар тараптуулукту талап кылат. Айылда күрөшүп жүрүп эле, спорт клубуна келип кесипкөй мушкер катары калыптандым. Өзгөчөлүгүм бар деп өзүмө баа бере албайм. Мелдеш учурунда өзүмдү эркин сезем.

— Спортто каймана атыңыз барбы?

— Азырынча каймана атым жок. Билишимче, каймана ысымдарды күйөрмандар же машыктыруучу ыйгарат.

— Спортчулардын аруу тилеги UFCге жетүү. Сиздин күн-түн тер төгүп машыкканыңыз да ошондон болсо керек?

— UFC лигасында чемпион болууну самабаган спортчу болбосо керек. Мен дагы алдыга максат коюп, аракеттерди кылып жатам. Буюрса, UFCге аз калдык. Бизде мүмкүнчүлүктөр чоң.

— Мекендештерге, спорт күйөрмандарына каалоо-тилегиңиз?

— Бардыгына чың ден соолук каалайм. Кайда жүрбөйлү мелдеште колдоо көрсөткөн мекендештерибизди көрүп, маңдай жарыла сүйүнөбүз. Ошондой эле ата-энеме, мени ушул деңгээлге жеткирген агайым Айбек Мусаевге, менеджерибиз Стэн Колисниченкого ыраазычылык билдирем. Үй-бүлөмө, туугандарыма салам айтам!

Жаңылыктар түрмөгү
0