Түркиядагы күрөш боюнча турнирге кыргыз балбандары катышат

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама команданын 17 спортчусу 3-мартка чейин машыгууларын улантат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Түркиядагы Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз спортчулары 18-февралда машыгууларын Түркиядан улантуу үчүн учуп кетишти. Ал жакта өлкөнүн курама командасынын 17 спортчусу 3-мартка чейин машыгат.

Спортчулар 4-5-мартта грек-рим күрөшү боюнча Түркияда өтө турган Vehbi Emre & Hamit Kaplan аттуу эл аралык турнирде күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0