Дзюдо боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдо балбаны. Архив
Дзюдо балбаны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында өтө турган мелдешке 30дай өлкөнүн спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жайында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык спорттук иш-чара Бишкек шаарында 13-июлдан 16-июлга чейин өтөрү белгиленип, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.

Эске сала кетсек, Кыргызстан дзюдо боюнча Азия биринчилигин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алгачкы жолу алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0