БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жайында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык спорттук иш-чара Бишкек шаарында 13-июлдан 16-июлга чейин өтөрү белгиленип, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.
Эске сала кетсек, Кыргызстан дзюдо боюнча Азия биринчилигин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алгачкы жолу алууда.