Бишкекте өспүрүм балдар-кыздар дзюдо боюнча күч сынашат

Жазылуу
Билдирмелерин 13-февралга чейин бербеген тараптар фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 11-12 жаштагы балдар жана 14-17 жаштагы кыздар арасында Бишкек шаарынын дзюдо боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Олимпиада 2016. Дзюдо. Мужчины. Весовая категория выше 100 кг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк мелдеште күч сынашат
Спорттук мелдеш 22-23-февралда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушундагы жаңы курулган ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлөт.

Бул иш-чаранын максаты Бишкек шаарынын кенже балдар жана кыздар арасындагы курама тобуна талапкерлерди кароо жана дзюдо аркылуу жаштардын ынтымагын бекемдөө болуп эсептелет.

Өспүрүм балдар 29, 32, 35, 38, 42, 46, 50, 55, 60 килограмм салмак категориясы боюнча мелдешсе, кыздар 44, 48, 52, 57, 63, 70 килограмм салмак боюнча күч сынашат.

Билдирмелерин 13-февралга чейин бербеген тараптар фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0