Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча балбандар чемпионат учурунда. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча балбандар чемпионат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда 59 килограммдан 130 килограммга чейинки салмактагы балбандар беттешет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Борбор калаада грек-рим күрөшү боюнча өлкө бирннчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Кыргызстандык мушкер Алишер Жаныш Ямал автономдуу округунда өткөн эл аралык ММА турниринде - Sputnik Кыргызстан
MMA турниринде кыргызстандык мушкер атаандашын 25 секундда жаткыра чапты
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 21-22-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, аймактардан келген курама командалардын спортчулары катышат. 

Балбандар 59 килограммдан 130 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешет. Мелдеш аталган спорттун түрүн жайылтуу жана Кыргызстандын курама командасына мыктыларды тандап алуу максатында өткөрүлөт. 

Иш-чараны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Күрөш федерациясы уюштурууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0