Кыргызстандын футболчу кыздары Ташкенттеги турнирде 3-орунду ээледи

© Фото / пресс-служба ФФКРМеждународный турнир CAFA Women’s Cup U-19 в Ташкенте
Международный турнир CAFA Women’s Cup U-19 в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз оюнчулары катары менен эки беттеште утулуп, үчүнчү оюнда Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгышты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар командасы (19 жашка чейинкилер) Ташкентте өткөн турнирде үчүнчү орунду ээлешти. 

Кыргызстандын футбол боюнча кураман командасынын оюнчулары, архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол курама командасы FIFA рейтингдеги рекордун жаңылашы мүмкүн
Эл аралык CAFA Women’s Cup U-19 турнири 15-18-сентябрь күндөрү Өзбекстандын борборунда өтүп, анда Кыргызстан, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын оюнчулары ат салышты. 

Кыргыз оюнчулары катары менен эки беттеште утулуп, үчүнчү оюнда Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгышты. 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан биринчи орунда алса, Иран экинчи, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан үчүнчү орунду бөлүп алышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0