БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Португалиянын курама командасы футбол боюнча финалда француздарды жеңип, Европанын чемпиону болду.
Тагдыр чечкен матч Париждеги "Стад де Франс" стадионунда өттү. 1984-жылы командалар финалда ойноп, беттеш дал ушул Францияда өткөн. Анда жеңишти француздар майрамдаган эле.
Кечээги оюнда күчтүү соккусу менен Антуан Гризманн көптөрдүн эсинде сакталып калды, бирок, ага португалиялыктардын дарбазачысы Руй Патрисиу туздай татыды. Андан сырткары жаракат алгычакты Криштиану Роналду жай берген эмес. Димитри Пайе менен сүзүшүп кеткен Роналду медиктердин жан-алакетке түшкөн аракетинен кийин деле оюн талаасына кайтып келе албай, аны замбил менен көтөрүп кетишти.
Португалиялык тарапка тараза ташты Эдер оодуруп, 109 мүнөттө миллиондор күткөн топту француздардын дарбазасына киргизди. Ошентип, португалиялыктар 41 жыл ичинде биринчи ирет Европанын чемпиону болду. Кызыгы, алар жеңишке легендарлуу жана көптөр кудайындай көргөн Роналдусуз эле жетти.
Португалия тайпалык бардык оюндарда тең чыгып жаткан. Бирок, бул плей-оффко кирүүгө жетиштүү болду. Андан ары Хорватия, Польша жана Уэльстин командаларын жеңген.
Түштүк еврпалык курама команда үчүн бул Европа аймагындагы биринчи алтын болду, алар буга чейин континеттик таймашта 1984-жылы жана 2004-жылы ойноп, эки ирет тең жеңилүү ызасын тарткан.