КРдин эки тайбоксчусу Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Жазылуу
Кыргызстандын курама командасында үч мушкер болгон. Анын бири турнирдин башында эле мелдештен четтеп калган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын эки тайбоксчусу Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Елена Шевченко билдирди.

Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Швециянын Йенченпинг шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык команданын курамына үч мушкер кирген.

Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайбоксчу Валентина Шевченко мыкты уруш көрсөтүүгө белсенип жатат
Шевченконун айтымында, жарым финалда кыргызстандык Мирбек Сарткалмаков (60 килограммга чейин салмак категориясында) марокколук Наит Эльгази Салах-Эддин менен беттешсе, 71 килограммга чейинки салмак категориясында Рафаэль Физиев россиялык Денис Колотыгин менен күч сынашат.

Буга чейин Сарткалмаков чейрек финалда Гонконгдон келген атаандашын утуп алса, Физиев литвалык атаандашын жеңген.

Дагы бир мушкер Бекжан Матисаев мелдештин башында эле турнирден четтеп калган.

Спортчуларга секундант болуп Перу клубу үчүн мушташып келген тайбоксчу Антонина Шевченко дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0