14:00 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Бангладеш курама командасынын машыктыруучусу Фабио Лопез. Архив

Бангладештин командасынын машыктыруучусу: эртеңки оюнда Кыргызстанга кыйын болот

пресс-служба ФФКР
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)
11110

Кыргызстандын курама командасында 3-4 жакшы оюнчу бар, ал эми команда абдан тажрыйбалуу дейт машыктыруучу.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасына эртеңки оюн оңой болбой турганын Бангладеш курама командасынын машыктыруучусу Фабио Лопез билдирди.

2018-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында 13-октябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин командалары беттешет. Машыктыруучунун айтымында, команда узак убакыт бою учканга жана башка аба ырайынын шартына карабай өзүн куулуу-күчтүү сезип жатат.

"Эртеңки оюн тууралуу айта турган болсок, биздин алдыбызда эң аз айырма менен утулуу максаты турган жок. Ар бир машыктыруучу жеңишке жетүү боюнча максат коет. Биз да ушундай максат койдук. Биздин атаандашыбыз өзүн тажрыйбалуу команда катары көрсөттү, анын курамында 3-4 жакшы ойногон күчтүү оюнчулар бар", — деди ал.

Лопез ошондой эле, анын оюнчулары эртең каршылашына кыйын оюн көрсөтө турганын баса белгиледи.

"Кыргызстандын курама командасына эртең жеңил болбойт. Менимче, абдан кызыктуу оюн болот", — деди Лопез.

"В" тайпасындагы беш оюндун жыйынтыгы менен учурда Иорданиянын командасы он упай менен алдыда. Ал эми Австралиянын командасы төрт оюндун жыйынтыгы менен тогуз упай топтогон. Кыргызстандын курама командасы беш упай менен үчүнчү орунда турат. Төртүнчү орунда эки упай менен Тажикстан жана бир упай менен Бангладеш бешинчи орунда.

Тема:
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)

Тема боюнча

Крестинин: Бангладеш менен боло турган оюнга олуттуу маани берүүдөбүз
Кыргызстан — Бангладеш оюнун бахрейндик арбитр тескейт
Белгилер:
футбол, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Фабио Лопез, Бангладеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ