Орзубек Назаров Эл аралык атактуу мушкерлердин залындагы тизмеге кириши мүмкүн

© AFP / JACK GUEZПрофессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив
Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назаров — WBA версиясы боюнча профессионалдык бокстун жети жолку дүйнө чемпиону. Мындан тышкары, ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров Эл аралык атактуу боксчулардын залындагы тизмеге кириши мүмкүн экенин Allboxing порталы билдирди.

Замирбек Сыргабаев Жефф Монсого сокку кылып жатат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спортчусу океандын ары жагынан учуп келген атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды
АКШнын Нью-Йорк штатындагы Канастот шаарында добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгып, тизмеге киргизилчү спортчулардын аты-жөнү дайын болду. Тандалган 30 мушкердин арасында 49 жаштагы Назаров да бар.

Шарт боюнча 30 спортчунун ичинен үчөө гана тизмеге кирет. Алардын ысымы жыл аягында белгилүү болот. Ал эми иш-чаранын салтанаттуу аземи салт боюнча июнь айында өтөт.

Назаров — WBA версиясы боюнча профессионалдык бокстун жети жолку дүйнө чемпиону. Мындан тышкары, ал СССР менен Европанын чемпиону, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Назаров Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0