19:32 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)
91 0 0

Кеңейтилген улуттук курама команда 33 футболчудан турат. Тажикстан менен боло турган беттеште оюн талаасына 23 спортчу чыга турганы маалым болду.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Тажикстан жана Бангладеш менен беттешүүгө чыга турган команданын курамын жарыялады, деп билдирет Футбол федерациясы.

Кыргызстанда боло турган оюндар сегизинчи жана 13-октябрга белгиленген. Мелдеш 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүүдө.

Оюнга даярдыктар Кыргызстанда өтөт. Жалпысынан 33 оюнчу жарыяланган тизме төмөнкүдөй:

Дарбазачылар: Павел Матяш ("Maziya Sports", Мальдив), Валерий Кашуба ("Худжанд", Таджикистан), Максим Агапов, Максим Зинченко ("Дордой") жана Руслан Амиров ("Алга").

Коргоочулар: Талант Самсалиев, Дэниел Тэго, Марат Ажиниязов, Шерзот Шакиров, Курсан Шератов жана Азамат Байматов ("Дордой"), Ильяз Алимов ("Алай"), Валерий Кичин ("Тюмень", Россия), Тамирлан Козубаев ("Гранитас", Литва), Виктор Майер ("SV Meppen", Германия), Акрам Умаров ("Абдыш-Ата") жана Мустафа Юсупов ("Ала-Тоо").

Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхард (FC "Prachuap", Тайланд), Антон Землянухин ("Раднички" Ниш, Сербия), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков ("Абдыш-Ата"), Илдар Амиров, Турсунали Рустамов, Павел Сидоренков ("Алга"), Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Вадим Харченко жана Ислам Шамшиев ("Дордой").

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Нюрнберг-2", Германия), Алмаз Мирзалиев, Дэвид Тетте (оба "Дордой"), Мирлан Мурзаев ("Afjet Afyonspor", Турция), Иван Филатов ("Алга").

Федерация команданын так курамы жарыялана турганы күндү машыктыруучулар штабы аныктай турганын белгиледи. Азырынча эң көп сары картага ээ болгон Валерий Кичин Тажикстан менен боло турган оюнга чыкпай турганы маалым болду. 

Төрт турдун жыйынтыгы менен тайпада Австралия тогуз упай топтоп алдыда келе жатат. Экинчи орунда жети упай менен Иордания турат. Андан кийин Кыргызстан төрт упай менен, ал эми Тажикстан жана Бангладеш командаларынын эсебинде бирден упай бар.

Чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Тема:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)

Тема боюнча

Австралиянын ЖМКлары КРдин футбол боюнча курама командасын олуттуу атаандаш деп атады
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы оюн талаасына кызыл кийимчен чыгат
Белгилер:
Кыргызстан, футбол, федерация, курама команда, тайпа

ЭҢ МААНИЛҮҮ