Унутта калган спортчуларга президент тарабынан кайрадан каражат бөлүндү

Жазылуу
Президент Атамбаев эл аралык аренадагы спорттук чемпионаттарда Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орунга ээ болгон спортчулар менен машыктыруучуларга 900 миң сом бөлдү.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Эл аралык чемпионаттарда жараткан ийгиликтери үчүн спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына кайрадан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Көңүл сыртында калган спортчулар менен машыктыруучулар кайрадан сыйланат
Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча эл аралык чемпионаттарда жеңишке жетип, ийгилик жаратып, байге алган спортчуларга жана машыктыруучуларга даректүү колдоо көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан 900 миң сом бөлүндү.

Колдоо алгандардын арасында байгелүү орунга ээ болгон 5 спортчу жана 2 машыктыруучу бар. Алар президенттен тиешелүү акчалай сыйлыктарын Мамлекет башчысы тарабынан сыйлануучулардын тизмесин түзгөн Дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин күнөөсү менен албай калган.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2014-жылдын 9-21-сентябрында Антверпен шаарында (Бельгия Королдугу) өткөн Атайын олимпиаданын V Евразиялык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө бир жолку акчалай сыйлыктар бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0