Көңүл сыртында калган спортчулар менен машыктыруучулар кайрадан сыйланат

Жазылуу
Ийгилик жараткан спортчулардын президенттик сыйлыкка илинбей калышына Дене тарбия жана спорт агенттиги күнөөлү экенин президенттин аппараты белгилеп, аталган агенттиктин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо керектигин билдирди.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык албай калган эл аралык деңгээлдеги жеңүүчү-спортчулар жакын арада кайрадан сыйланат. Мындай катачылык Дене табия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыкка татыктуу делген спортчу менен машыктыруучулардын тизмесин туура эмес түзгөндүгүнөн улам болду деп билдирди президенттин маалымат кызматы. 

Мамлекет башчысы октябрь айынын аягында эл аралык мелдештерде байге алган 39 спортчуга жана машыктыруучуларга Ала-Арча резиденциясында акчалай сыйлыктарды тапшырган. Спортчуларга бул салтанатта 8 миллион 202 миң сомдук акчалай сыйлыктар берилген.

"Президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмү спорт агенттигинин кетирген орой катасынын кесепетинен, эл аралык спорттук чоң мелдештерде жогорку көрсөткүч жараткан спортчулар толук киргизилбей калган тизмени кайрадан тактап жатат", — деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Нааразы болгон спортчулардын катарында аты аталып жаткандардын бири, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Руслан Маджиновго кайрылып, иштин жөн-жайын сурадык. 

"Бул жерде маалымат бир аз туура эмес берилип калган. Биз быйыл эки оюнда байгелүү орундарды камсыз кылган элек. Биринчиси — апрелде Астанада өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда, экинчисин Инчхондогу Азия оюндардын жыйынтыгы боюнча олжолуу кайтканбыз. Ошондо, менин командам көрсөткөн эки байгелүү орундарыбыз үчүн эки сыйлык алышыбыз керек эле. Кореяда өткөн оюндардын сыйлыгы берилди, ал эми Астанадагы чемпионаттын каражатын жылдын жыйынтыгы менен алмай болдук. Биз агенттиктин директоруна кирип, чечишип, такташып алганбыз. Балким, спорттун башка түрлөрү боюнча нааразычылыктар болгондур, бирок, биздин дооматыбыз жок", — деди эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Руслан Маджинов. 

КР президентинин аппараты президенттик сыйлыктарды тапшыруу үчүн спортчулардын тизмесин берүүдө кетирген орой катачылыктары үчүн КР өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин жоопкерчилигин караш керек деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0