Мелис тирүү болгондо... Асел Эшимканованын толгонуусу

© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхКыргыз тилдүү эркин басма сөздүн баштоочуларынын бири Мелис Эшимканов жубайы Асел менен
Кыргыз тилдүү эркин басма сөздүн баштоочуларынын бири Мелис Эшимканов жубайы Асел менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Кыргыз тилдүү эркин басма сөздүн баштоочуларынын бири Мелис Эшимканов бүгүн 59 жашка толмок. Артында эки чүрпөсү менен калган жубайы Асел маркумду эстегенде азыр да көзүнө жаш алат.
Асел айымдын сезимдери дале жылуу, ал тургай дүйнөдөн көчкөн жолдошуна жылдан-жылга ыраазычылыгы артып баратканын белгилейт. Ал экөөнүн алгач жолуккан күнүн да, мамилелери кандай өрчүп, кантип түтүн булаткандарына дейре ачык айтып берди.

Мелис менен кезиккенге дейре

Бардык шаардык кыздардай эле кыргызча китеп, гезит окубаган, дегеле кыргызча сүйлөбөгөн жан элем. Апам да: "Мелиске жолукканы кызым кыргыз болуп калды" деп тамашалайт. Атын укканым же журналист экенин гана билбесем, ал жөнүндө көп деле маалыматым жок болчу. Бир кезде президенттикке талапкер болгонун да кийин уктум.
Катардагы үй-бүлөнүн карапайым, кыялкеч бир кызымын. Иним экөөбүз үйдө калганыбызда менин болочок түгөйүм тууралуу кыялданар элек. Иним да мага кошулуп алчу, экөөлөп келечектеги жездесинин портретин түзчүбүз. Ал боорукер, акылман, ак ниет, берешен, чынчыл болушу шарт эле. Кийин: "Мелис Аселдин жаштыгы үчүн, ал эми Асел анын таанымал экени үчүн баш кошту" деп кеп кылышпадыбы. Бул нерселер биздин мамиледе дегеле роль ойногон эмес, болгону Мелис кыялымдагы ошол портретке төп келди.
***
Бала кезден диктор болууну самачумун. Теледен аларды көрүп, кээде каталарын да таап, өзүмчө оңдоп калчумун. Ата-энем да бир эсе таң калып, бир эсе күлүп, мени мактап калчу. Бирок бул кесипти аркалоо мен үчүн кол жеткистей туюлар эле.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: Мелис жашоомдо пайда болгонго чейин абдан түнт, тартынчаак, өз күчүнө анчалык ынана бербеген жан элем. Дикторлукка тандалсам да ишенип-ишенбей, балким жөн гана жолум болуп калды деген ойдо жүрчүмүн
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: Мелис жашоомдо пайда болгонго чейин абдан түнт, тартынчаак, өз күчүнө анчалык ынана бербеген жан элем. Дикторлукка тандалсам да ишенип-ишенбей, балким жөн гана жолум болуп калды деген ойдо жүрчүмүн
Жогорку окуу жайды аяктап жаткан маалда түркиялык жарнамалык агенттикте иштечүмүн. Бир күнү апам телефон чалып, дикторлукка кастинг болуп жатканын айтып калды. Ортодо "Асман ТВ" деген телеканалда үч-төрт ай такшалган болсом да, мындай ишке өтөрүмө ишенбей жүрөксүдүм. Апамдын өтүнүчүн кыя албай барып, кастингден өтүп кеттим. Бирок алардан бир апта сурандым, анткени ошол тушта магистрдик ишимди жактамакмын. Окууну бүтүргөндөн кийин барып дароо келишим түздүк. Берген суроолоруна жооп берип, эч кандай таанышы жок деле ушундай жумушка кирсе болот тура деп аябай таң калганым эсимде.
***
Чынында "Асман ТВга" деле өз күчүм менен киргем. Ал жакка кастингге барганда, камерага сүйлөтүп көрүп: "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" дегенди гана алып барууга жарайсың деп коюшту. Көрсө, мен толкунданып жатып, текстти өтө эле жай окупмун. Бирок тандоо комиссиясындагы бирөө: "Келгиле, ушул кызга дагы бир мүмкүнчүлүк берели. Мен дал ушул кыздан дикторду көрүп турам", – деди. Сынакка көп кыздар келген, комиссиянын негизги курамы да мени тандайт деп үмүттөнгөн эмесмин.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: бардык шаардык кыздардай эле кыргызча китеп, гезит окубаган, дегеле кыргызча сүйлөбөгөн жан элем. Апам да: "Мелиске жолукканы кызым кыргыз болуп калды" деп тамашалайт.
Супруга известного журналиста Асель Эшимканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: бардык шаардык кыздардай эле кыргызча китеп, гезит окубаган, дегеле кыргызча сүйлөбөгөн жан элем. Апам да: "Мелиске жолукканы кызым кыргыз болуп калды" деп тамашалайт.
Бир маалда сыртка комиссиянын жанагы мүчөсү чыгып: "Эки жумабыз бар, ушуларды жатта. Жаттай алсаң, иштеп каласың. Күндө келип мага ушундан айтып турасың" деп колума калың жаңылмачтар топтомун карматты. Алар менин сүйлөө ыргагымды тездетүү үчүн ошондой тапшырма беришкен экен. Камерадан гана сүрдөгөнүм болбосо, өзүм бат сүйлөйм. Экинчи келгенимде, тескерисинче, "жайыраак сүйлө" деп жатышты. Көп өтпөй ал телеканал жабылып калбаспы, дикторлук ушул менен бүттү окшойт дегем. Бирок тагдыр мага "ВОССТ", кийин НБТ, НТС каналдарында да ушул кесипти аркалоого мүмкүндүк берди.
Мелис жашоомдо пайда болгонго чейин абдан түнт, тартынчаак, өз күчүнө анчалык ынана бербеген жан элем. Дикторлукка тандалсам да ишенип-ишенбей, балким жөн гана жолум болуп калды деген ойдо жүрчүмүн.

Мелиске жолугуу

НБТ каналында иштеп жүргөнүмдө компания кризиске кептелип, баарыбыз убактылуу жумушсуз калдык. Курбум: "бош отурганча кафеде чогуу иштеп туралы" деди. Мени VIP бөлмөгө бөлүшкөн, биринчи эле күнкү нөөмөттө Мелис достору менен келди.
Ошондо эстесем, түркиялык ишканада иштеп жүргөнүмдө жетекчибиз менен "Асаба" гезитине "жарнама чыгарабыз, арзандатып бергиле" деп келген экенбиз. Ал кезде жарнамасыз эле өзүн-өзү баккан гезит экен, биздин сунушту четке каккан. Бирок ошол жолугушуу анын эсинде калбаптыр. Ал эми кафеде дароо тааныды окшойт: "Диктор кыз сенин эжең эмеспи?" – деп сурады. Түшүндүрүп жүрөмбү деп баш ийкеп коюп ишимди уланта бергем.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: ...бешинчи күн дегенде: "Мындай болбойт, бул иштен кет. Эртең редакцияга кел", – деди. Эртеси барсам, бир фонд ачып жатканын, ошол фондду өнүктүрүп, кеңейтүү жагын колго алууну сунуштады
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: ...бешинчи күн дегенде: "Мындай болбойт, бул иштен кет. Эртең редакцияга кел", – деди. Эртеси барсам, бир фонд ачып жатканын, ошол фондду өнүктүрүп, кеңейтүү жагын колго алууну сунуштады
Улам карап коёт, анан бир убакта: "Жок, эжең эмес, өзүң дикторсуң", – деди. Ошондо бул утурумдук иш экенин, каналдагы абалды толук түшүндүрүүгө аргасыз болдум. Чогуу келген досторун унутуп коюп, жаныма келип сүйлөшүп туруп алды. Алар да: "Официант кызды сүйүп калган жоксуңбу?" – деп Мелисти тамашалап жатышты. Ал эми Мелис Америкада окуган кызы да официант болуп акча табарын, бул иш кыйын экенин, мени көрүп кызынын да абалын түшүнүп турганын айтып берди. "Теледе тажрыйбаң бар, кафеде иштегениң болбойт", – деди.
Ошентип беш күн катары менен кафеге досторун ээрчитип келди. Бешинчи күн дегенде: "Мындай болбойт, бул иштен кет. Эртең редакцияга кел", – деди. Эртеси барсам, бир фонд ачып жатканын, ошол фондду өнүктүрүп, кеңейтүү жагын колго алууну сунуштады. Антип-минткенче бир апта өтүп, телеканал кайра ишин жандантып калды. Мелис да: "Жакшы болуптур, эми ишиңде иштей бер" деп кубаттады.
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле...
***
Күндө кабар алып, түшкү тамакка чакырат. Жумуштан кийин да кезигип, чогуу тамактанып, "кеч болуп кетти" деп үйгө чейин жеткирип жүрдү. Шаарды айланып, көп сейилдечүбүз. Кеңештерин берип, көп нерселерден кеп салат. Кийин достору менен чогулганда да, маанилүү жолугушууларына да мени ээрчитип алчу болду. Ошондой кечтердин биринде Мисир Ашыркуловго кол салуу болуп, эртеси жолугушууга келгендердин баарын суракка аларын угуп, ата-энемден катуу коркконум эсимде. Алардын ал кезде Мелистен кабары жок эле.
Эки жарым жылдан кийин гана тааныштырдым. Болбосо ага чейин айта албай коркуп жүрдүм. Мелис: "Кел, ата-энең менен сүйлөшөйүн", — десе да көнбөйм. Апам акыркы жарым жылда шек санаганы менен Мелис өзүбү же анын туугандарынан бирөөбү, так билчү эмес. Анткени ага эл эбак жеткириптир. Улам сөз баштоого аракет кылганда эле мен кепти башкага буруп, айтор, андан сөз козгоодон качып жүрдүм.
Туулган күнүмдө досторун чакырып кече уюштуруп, Мелис бриллиант көздүү шакек сунуп, колумду сурады. Ошондон кийин гана үйдөгүлөргө айтууга туура келди. Канча жаш айырма бар экенин, үй-бүлөсү, балдарын сурашты. Сүйлөшүүбүз абдан оор өттү, апам да, атам да, өзүм да ыйладым. Бирок эки жарым жыл айткандан коркуп жүргөн мен: "Баары чечилди, силерге кабарлап гана жатам" дегенге жарадым.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: Мелисти улам жакындан тааныган сайын кыраакы, ар тараптуу, бөтөнчө бир көз караштагы, терең, бир ааламды ичине батыргандай, ошол эле убакта өтө жөнөкөй киши экенин билдим. Ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан касиети бар эле
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: Мелисти улам жакындан тааныган сайын кыраакы, ар тараптуу, бөтөнчө бир көз караштагы, терең, бир ааламды ичине батыргандай, ошол эле убакта өтө жөнөкөй киши экенин билдим. Ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан касиети бар эле
Андан кийин деле апам мени айнытууга улам аракет кыла берди. Акыры Мелистен өзү келишин өтүндүм. Мени айнытып жаткан апам аны менен таптакыр башкача сүйлөшсө болобу. Ошондо Мелистин адамды ынандыра алчу сапатына дагы бир ирет таң бергем. Апам: "Улуу экенсиң, кызымды капалантпа", – деди. Атамдын көзү жашылданды. Бирок Мелис менен таанышып, сүйлөшкөн соң: "Ушундай адамды кезиктиргениңе кубанычтамын", – деп гана койгон. Ал да мендей көп сүйлөбөгөн жан эле. Ошондон кийин үстүмдөгү оор жүктөн арылгандай жеңилдегем.
Жанагы кафеде биринчи күнү гана башкалар болбосо, калган күндөрү дээрлик жалаң Өмүрбек Текебаев менен келген. Ошондон улам кийин: "Ар бир жолугушууңарга күбөмүн. Мени өкүл ата коём дегенсиң" деп таарынып жүрдү (күлүп). Өкүл атабыз Мисир Ашыркулов болчу. Сөйкө саларда Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариев Мелисти коштоп келген.
***
Биз үйлөнгөндөн көп өтпөй парламенттик шайлоого үгүт иштери башталган. Эл менен жолугуп жүргөндө гана көпчүлүк туугандар биринчи ирет көрүшүптүр. Алар: "Жапжаш эле турбайбы" дешти. Өзүнөн улууга анын даңкы үчүн турмушка чыкты деп ойлоп, кийин кечирим сурагандар да болду.
Ал тургай жакындарым да тойго чакыруу алышканда: "Бул деген Мелис Эшимканов. Кеп-сөзгө каласың, мунун сага кереги барбы?" – дешкен. Кийин штабында: "Жаңы эле үйлөнүп, аялың жаш экенин шайлоочуларга айта көрбө, рейтингиң түшөт" деп насаатын айткандар да болгон. Алар экөөбүздүн ортобуздагы сезимге ишенген эмес. Кийин ойлосом, башкаларга далилдөөгө да тырышпаптырбыз. Жакын досторубуздун да биз бир-эки жыл жашагандан кийин гана көздөрү жетти көрүнөт.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: Мелис ар бир киши менен тил табышып кете алчу. Дүйнө таанымы да ушундай кең, президенттен тарта көчөдөн кезиктирген карапайым кишиге дейре аны тыңдап калчу
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: Мелис ар бир киши менен тил табышып кете алчу. Дүйнө таанымы да ушундай кең, президенттен тарта көчөдөн кезиктирген карапайым кишиге дейре аны тыңдап калчу
Биз баш кошконго чейин Англияга иш сапары чыгып калды. Ошондо "Чогуу барып, кызым менен таанышып келишиң керек" деди. Жылуу тааныштык, бирге кыдырып жүрдүк. "Балдарымдын акылы жетик. Эгер андай болбосо, сени аяп деле минтип тааныштырмак эмесмин" деген Мелис.
***
Кубат аке (Жусубалиев) менен Алайдан тааныштырды. Ошол учурларда ал: "Хозяин, тебе нужно жениться" дей берчү экен. Чогуу барганын барып, Мелистин иши чыгып бир жумадан кийин мени Алайга калтырып кетти. Кубат акенин пикирин да билгиси келген окшойт. 20 күндөй анын үйүндө жүрдүм. Айылдагы келиндер келип, үйүн жыйнап кетишчү экен. Аларды: "китептериме тийбе" деп жактырбай урушуп да коёт экен. Мен үйдү да, китептерин да жыйнайм, мага катуу сөзү болгон жок. Чоң атамдан улам билем, китеп, гезиттери ал койгон жеринде турушу шарт эле. Ошол үчүн менден башка кишинин үй жыйнаганын жактырчу эмес.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: Кубат аке мени күндө таштардын үстүнөн жылаңайлак бастырчу. Тоого чыкчубуз. Булардын баары болгону мага кызык эле. Мелис ошондо аябай таң калган, Кубат акенин антип аял кишини мактаганын укпаптыр. Анын берген баасы да Мелистин чечимине түрткү болсо керек
Супруга известного журналиста Асель Эшимканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: Кубат аке мени күндө таштардын үстүнөн жылаңайлак бастырчу. Тоого чыкчубуз. Булардын баары болгону мага кызык эле. Мелис ошондо аябай таң калган, Кубат акенин антип аял кишини мактаганын укпаптыр. Анын берген баасы да Мелистин чечимине түрткү болсо керек
Мелис келгенде мени ага аябай мактаптыр. "Аябай таза, тыкан экен. Айылдын бир да келини андай жыйнай албайт. Мүнөзү да жакшы, көтөрүмдүү, чыйрак экен" дептир. Кубат аке мени күндө таштардын үстүнөн жылаңайлак бастырчу. Тоого чыкчубуз. Булардын баары болгону мага кызык эле. Мелис ошондо аябай таң калган, Кубат акенин антип аял кишини мактаганын укпаптыр. Анын берген баасы да Мелистин чечимине түрткү болсо керек.
***
Ар бир киши менен тил табышып кете алчу. Дүйнө таанымы да ушундай кең, президенттен тарта көчөдөн кезиктирген карапайым кишиге дейре аны тыңдап калчу. Улам жакындан тааныган сайын анын кол жеткис инсан экенин түшүндүм. Кол жеткис дегеним, башка чөйрөдөн же бийиктен караган адам эмес, кыраакы, ар тараптуу, бөтөнчө бир көз караштагы, терең, бир ааламды ичине батыргандай, ошол эле убакта өтө жөнөкөй киши экенин билдим. Ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан касиети бар эле. Жаштар анын кебин тыңдап, андан бир нерсе үйрөнгөнгө ашыгып турчу. Өзү жетектеген жамаатта өзүнөн күчтүүлөрдү да топтой билген. Дайым өзүн-өзү таанууга, акыйкатты издөөнүн үстүндө эле.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: Мелис баягы тартынчаак, өзүн артка тарта берген кызды аябай тарбиялады. Улам: "Сен азаматсың, акылдуусуң, сулуусуң" деп кайталап, өзүмө берген баамды өстүрдү. Ар бир нерсеге философиялык көз караш менен кароону үйрөттү
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: Мелис баягы тартынчаак, өзүн артка тарта берген кызды аябай тарбиялады. Улам: "Сен азаматсың, акылдуусуң, сулуусуң" деп кайталап, өзүмө берген баамды өстүрдү. Ар бир нерсеге философиялык көз караш менен кароону үйрөттү

Мелис менен сүргөн өмүр

Баш кошкондон кийин үйдө баары сонун, ал эми бир жакка чыкканыбызда эле адамдардын жагымсыз көз караштарын байкайм десеңиз. Ал түгүл айрымдар атайын угуза ачуу сөздөрдү айтышат. Кээ бирөөлөр шыбырашып же алыстан жаман көздөрү менен карашат. Капа болуп, үйгө келип ыйлайм. Мага оор болгону – анын баарын апама айтып, бөлүшө албаганым. Антсем, өзүмдүн тандоом экенин айтмак. Жалгыз Мелиске арызданам. Ал мени сооротот. Мелис айткандай, андай нерсенин баары болбогон нерсе экенин азыр аңдадым.
Ошондо буларды дал Мелис менен бөлүшкөнүм туура болуптур, себеби туура багыт бериптир. Бүгүн деле журналисттер, саясатчылар арасында ошол көз караш, ошондогу пикирлер сакталарын билем. Бирок бул – алардын эрки. Азыр, тескерисинче, ушундай инсандын жубайы болгонума сыймыктанам.
***
Апам улам: "Жок дегенде бирди төрөп алсаң болот эле", – дей берди. Башында бул боюнча дегеле кам санаган эмесмин. Апамдын санаасы мага өттү өңдөнөт, ойлоп алып өзүм чочулай баштадым. 27 жашымда турмушка чыктым, Мелис менден улуу. Төрөй албай калсам эмне болот деп санааркайм. Ошондо да Мелис кебелбей: "Төрөйсүң сен, төрөгөндө да кандай бала төрөйсүң. Билесиңби, биздин перзентибиз кандай болот? Момундай", – деп баш бармагын көрсөтүп, мени жооткотуп койду. Көп өтпөй эле боюма бүттү. Ошондо гана апамдын санаасы тынчыды.
Айым-күнүм жетейин деп калганда Мелис Америкага аттанды. Досторунун ар бирине табыштап кетиптир. Алар мага күндө чалып сурап коюшат. Эки жумадан кийин Мелис келгенде баары: "Бул сен жокто төрөбөй койду", – деп күлүшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @asel.eshimkanova

Ал келгендин эртеси, 12синен 13үнө караган түнү көктө жылдыз жааган. Уйку качып, оор тартып калганымда Мелиске айтсам: "Таңга чейин чыда, элдин баары уктап жатса, сен төрөйм деп барасыңбы?" – деп койду. Мен да анын айтканы менен таң атканда врач менен байланышкам. Америкадан келгенде Мелис "уулубуздун атын Адам койбойлубу" деп сунуштады. Мага да жакты бул ысым. Үйгө чыгып баратканда врач: "Эки жылдан кийин кызыңарга келгиле", – деп узаткан. Туура эки жылдан кийин барсам, баягы персонал. Кызыгы, Миэлла төрөлөрдө да жылдыз жааган. Уулубуз 13-июлда, кызыбыз 13-августта төрөлдү. Өзүмдүн туулган күнүм да айдын 31инде, ошондуктан 13тү бактылуу сан деп коём.
***
Мелис баягы тартынчаак, өзүн артка тарта берген кызды аябай тарбиялады. Улам: "Сен азаматсың, акылдуусуң, сулуусуң" деп кайталап, өзүмө берген баамды өстүрдү. Андан узун болгонум үчүн канча уялып жүрдүм, ал эми Мелис муну этибарга да алчу эмес. Ого бетер узун көрүнүп калбайын деп бийик така кийгенди да токтоттум. Анда да Мелис: "Эмнеге антесиң? Жашсың, сулуусуң, тескерисинче, бийик така кийип жүр" деп калчу.
Мелисти жолуктурганда кескин түрдө өзгөрдүм дебейм, бирок ал менин түпкүрдө жаткан сапаттарымды сууруп чыга алды. Башка киши анте албаса керек эле... Ага кезикпегенимде уялыңкы, өзүнө ишенбеген жан бойдон калмактырмын. Ишенбейт чыгарсыздар балким, бирок Мелиске жолукканга чейин кыска кийип көргөн жан эмесмин, гардеробумда жалаң шым же узун кийимдер эле. Буттарым ичке, сөөгү эле көрүнөт деп толгон-токой шылтоо тапчумун. Аны да айтып жүрүп калтырды Мелис.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: Мелистин көзү тирүү болгондо, менимче, кино тартмак. Режиссёр болгусу келчү. Өзүнчө сценарий түзүп, "сен да бир ролду ойномоксуң" деп калар эле
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: Мелистин көзү тирүү болгондо, менимче, кино тартмак. Режиссёр болгусу келчү. Өзүнчө сценарий түзүп, "сен да бир ролду ойномоксуң" деп калар эле
Ар бир нерсеге философиялык көз караш менен кароону үйрөттү. Эгер ошондо ал өзү менен өзү болуп, саясат менен гана алектенип, ушундай устаттык кылбаганда азыр мага абдан оор болмок. Кээде ал мени атайын ушундай тарбиялап, өзүнөн кийинки турмушка даярдап кеткениндей туюлат. Мелистей жанга жолукканым өмүрүмдөгү чоң бурулуш болсо, аны жоготконум дүйнөмдү аңтар-теңтер кылып кетти.

Мелис дүйнө салган соң...

Тамара Жаманбаева эжеге аябай ыраазы болом. Үйгө бир нече жолу келген, улам ыйлаганымды көрүп бир күнү чыдабай кетти көрүнөт: "Көз жашыңды тый, эгер минтип ыйлай берсең, акылдан азасың же ооруп каласың", – деп кесе айтты. Ошондо катуу силкинип, белимди бекем буудум окшойт. Чолпон Жакупова эже колдоп турду. Байболовдордун үй-бүлөсү дайым жанымда болушту.
***
Мелисти жоготконубузда балдар кичине эле. Кандайдыр бир окуялар эстеринде жок, бирок атасы менен кантип ойногондорун эстешет. "Сиз урушканда дароо атама чуркап барчубуз" деп күлүп калышат. Видеолорун көрүп, ал тууралуу баарын окуп чыгышат. Байкашымча, кичинесинен тарта эле уулум интернеттен бир видеону таап калса, карындашына көрсөтөт. Тарбия процессинде "Атаңар кичинесинде ушундай экенин айтчу, эгер арабызда болгонунда силерге минткиле деп кеңеш бермек" деп калам. Акыркы жылдары гана уулум кантип таанышканыбызды, кантип баш кошконубузду көп сурачу болду.
***
Адам Кубат акенин да маектерин көрүп чыгыптыр. Быйыл экөөнү кезиктирдим. Таанышты, сүйлөшүштү. Тил табыша алышар бекен деп жаткам, бат эле сөзгө кирип кетишти. Кубат аке жакшы көргөн калпагын да уулума кийгизди. Дал ошол маалда Польшага окууга кетмек эле. Батасын алды десем болот.
Журналист, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чолпон Орозобекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2016
Радио
Чолпон Орозобекова: Эшимкановдун журналистикадагы ордун эч ким баса алган жок
Мурда Мелис мени кандай көтөрмөлөп, кандай шыктандырып, кандай кубаттап турса, азыр уулум мага дал ошондой чоң тирек. "Апа, кандай күчтүүсүң, сени менен сыймыктанам" дегенин укканда тоону томкорууга даяр болуп калам.
Боюнун узундугу эле мени тартпаса, мүнөзү, сүйлөгөнү бүт атасыныкы. Польшага жаңы эле барганда, поляк тилин билбей туруп бир киного тартылууга үлгүрүптүр. Бир жолу телефон чалып, жатакананын президенттигине талапкерлигин коюп жатканын айтат. Мелистин баласы деп күлдүм. Ага өтпөптүр, бирок кийин Хэллоуинде комиссиянын курамына кириптир. Аябай изденет, жаңы нерселерди өздөштүргүсү келет. Өзү да кино тартууну кыялданат.
***
Миэлланын тартынчаак, уялыңкы жагы мага окшош, бирок жаны тынбайт. Көркөм гимнастика менен машыгат, ырдайт, тил үйрөнүүгө абдан жөндөмдүү. Байкесинин артынан калбай жүрүп, мектепке да 4 жашында барган. Азыр 10-класста окуйт. Журналистикага кызыгат, борбордук телеканалдардын биринде балдар берүүсүндө да иштеп көрдү.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхАсел Эшимканова: балдарым Жылдыз эжеси жана Төлөгөн байкеси менен келечекте катышып аларына ишенем. Алар алыста болуп, азыр жолугуша элек. Кичинесинде гана көрүшкөн. Сүрөттө Миэлла Эшимканова
Дочь известного журналиста Миэлла Эшимканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Асел Эшимканова: балдарым Жылдыз эжеси жана Төлөгөн байкеси менен келечекте катышып аларына ишенем. Алар алыста болуп, азыр жолугуша элек. Кичинесинде гана көрүшкөн. Сүрөттө Миэлла Эшимканова
Балдарым Жылдыз эжеси жана Төлөгөн байкеси менен келечекте катышып аларына ишенем. Алар алыста болуп, азыр жолугуша элек. Кичинесинде гана көрүшкөн.

Мелистин көзү тирүү болгондо...

Менимче, кино тартмак. Режиссёр болгусу келчү. Өзүнчө сценарий түзүп, "сен да бир ролду ойномоксуң" деп калар эле.
Келерки жылы 60 жашка толмок. Буюрса, анын атындагы фонддун ишин кайра баштап, сыйлыкты кайра жандантам деген ойлорум бар. Турмуш экен, ортодо иш үзгүлтүккө учурады.
Дарегине кандай гана сөздөр айтылбасын, бирок кыргыз журналистикасына Мелистин салымы чоң экенин тана албайбыз. Баалабай коюуга да болбойт. Анын ысымын көтөрө алгыдай бийик деңгээлдеги сыйлыкка айланса дейм.
Жаңылыктар түрмөгү
0