Ош шаарында маршруткага төлөнчү жол кире 20 сомго чейин көтөрүлдү

© Sputnik / Эмиль СадыровОш шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги маршрутка. Архив
Ош шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Кичи автобустар үчүн жол кире кымбаттаган эмес, муниципалдык транспорт үчүн тарифтер дээрлик өзгөргөн жок.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаада коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүгө макулдук берди.
Ага ылайык, маршруткалардын тарифи күндүз 15 сом деп белгиленди. Ал эми кыш мезгилинде саат 19:00дөн 21:00гө чейин, жай мезгилинде 21:00дөн 23:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Мурда бардык убакытта жол акы 10 сом болчу.
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Бишкектен аймактардагы ири шаарларга жол кире кескин кымбаттады. Салыштыруу
Ал эми муниципалдык транспорттун тарифи дээрлик өзгөргөн жок. Болгону троллейбуста электрондук билети барлар үчүн жол кире 6дан 8 сомго жогорулады. Билети жоктор мурдагыдай эле төлөйт.
Автобустардын тарифи кымбаттаган жок, электрондук билети барларга 8, жоктор үчүн 10 сом бойдон калды.
Мектеп окуучулары да мурдагыдай эле автобус, троллейбуска 3, маршруткаларга 5 сом жол кире төлөйт.
Жаңы тарифтер кийинки жумадан тарта колдонулат. Азырынча так датасы белгисиз, шаардык кеңештин токтому төрага кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0