Уулунун артынан жубайы көз жумган. Маданияттын алпы Мар Байжиев тууралуу 9 факт

© Sputnik / Александр ФедоровАйтылуу драматург жана жазуучу Мар Байжиев. Архив
Айтылуу драматург жана жазуучу Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Маданият тармагы дагы бир залкарга кемип, айтылуу драматург жана жазуучу Мар Байжиев көз жумду. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкардын чыгармачылыгы жана өмүрү тууралуу фактыларды сунуштайт.
Мар Байжиев 29-октябрда каза таап, сөөгү 31-октябрда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Ал 86 жашта болчу.

Белгилүү кишинин уулу

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Ысык-Көл облусунда, кийин Фрунзе (Бишкек) шаарында өткөн. Атасы – белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев. Ал Касым Тыныстановдун шакирти болуп, анын жетектөөсү менен кыргыз тилинин морфологиясы боюнча эмгек жазган. Ал эми чоң атасы Байажы 1911-жылдан 1913-жылга чейин Көл башында бий болгон.
© Фото / из архива семьи БайжиевыхМар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Ысык-Көл облусунда, кийин Фрунзе (Бишкек) шаарында өткөн. Атасы – белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев.
 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Ысык-Көл облусунда, кийин Фрунзе (Бишкек) шаарында өткөн. Атасы – белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев.
Болочоктогу драматургга атасы атактуу советтик окумуштуу, филолог Николай Маррдын ысымын берген.

Атасын күтүү менен өткөн балалык

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Мар алты жашта эле. Башкалар сыяктуу анын атасы да фронтко аттанып, апасы айылдагы мектепте балдарга сабак берип иштечү. Балалыгы жокчулукта өткөн. Атасы 1944-жылы согуштан кайтып келип, үй-бүлө кайра борборго көчүп келет. Илимпоз Улуттук илимдер академиясындагы ишин кайра улантып, ошол кезде кичинекей Мар кыргыздын интеллигенциясынын бир тобун көрүп калган. Бирок андан көп өтпөй, 1950-жылы Ташым Байжиевди түндө укук коргоо кызматкерлери үйдөн алып кетип, ошол бойдон келген эмес. "Атамды алып кеткен КГБ аскерин кийин тааныдым, чогуу иштедик" деп Sputnik агенттигине берген соңку маегинде айткан. Ташым Байжиев 10 жылга камалып кетип, эки жылдан кийин Казакстандагы түрмөдө көз жумган.
© Sputnik / Табылды КадырбековМар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген
Народный писатель Кыргызстана, сценарист, драматург Мар Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген

Эки тилди мыкты билген

Мар мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, андан соң Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун аяктап келет.
Жогорку билимге ээ болгон жаш талант өзүн ар кыл тармакта сынап, "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштейт.

Дүйнө кезген пьесалары

Драматургдун пьесалары Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театр сахналарында ийгиликтүү коюлуп, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Казакстан театрларынын репертуарларына кирген. Алар: "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд", "Он экинчи күн", "Төрт адам" пьесалары.
© Sputnik / Александр ФедоровМар мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, андан соң Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун аяктаган
Кыргызский драматург, писатель, сценарист и режиссер Мар Байджиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мар мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, андан соң Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун аяктаган

Чыгармаларынан тасмалар тартылган

Алардын ичинен көбү чет тилдерге которулуп, СССР мамлекеттеринде коюлган. Өзгөчө "Эрөөл" пьесасы арбын ийгиликке ээ болгон. Анын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, "Өзбекфильм" студиясында "Нөшөр" тасмасы тартылган. "Кожожаш" эпосунун мотиви боюнча "Байыркы жомок" драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында "Ак илбирстин тукуму" фильми тартылган. Мындан сырткары, Байжиевдин чыгармалары боюнча "Өзбекфильм" студиясында "Бөтөн бакыт", "Нөшөр", "Казактелефильм" студиясында "Жаңы жыл алдындагы түн" аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Сценарист, режиссер да болгон

Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар: "Ак илбирстин тукуму" ("Кыргызфильм"), "Чоочун бакыт" ("Өзбекфильм"), "Нөшөр" ("Өзбекфильм"), "Нокдаун" ("Кыргызфильм"), "Жиндилер поезди" ("Кыргызфильм"), "Окуя" ("Кыргызфильм"), "Алтын күз" ("Кыргызфильм"), "Жаңы жыл түнү" ("Казакфильм"), "Эргулдар" (ЦТ "Москва") фильмдерине өзү режиссерлук кылып, экранга алып чыккан.
© Фото / Александр ФедоровМар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон
Кыргызский драматург, писатель, сценарист и режиссер Мар Байджиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон

"Манаска" өмүрүн арнаган

Кичинекей Байжиев атасын көп ээрчип жүрүп, Саякбай Каралаев, Шапак Рысмендеев өңдүү бир катар манасчыларды көрүп калган. Ошондон улам "Манас" эпосуна кызыгуусу күчөп, ага сүңгүп кирип илимий негизде алектенген. Кийин кыргыз жана орус тилдеринде эмгектерди жаратат. "Манас" эпосундай гениалдуу чыгарма жок, болбойт дагы" деген сөзү бар.
Мар Байжиев "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал — "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору. Ошондой эле Улуттук китепканада "Манас" эпосуна жана кичи кыргыз эпосторуна арналган сүрөт галереяларын, репрессияга учураган манас таануучулардын атындагы сыйлыктарды уюштурган, "Манас" эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча "Манас" эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөм которууну ишке ашырган.

Уулунун артынан жубайы кеткен

Драматург жубайы менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Жалгыз уулу Азиз Байжиев 2017-жылы жазында 51 жашында көз жумган. Ал бөйрөк оорусу менен жабыркап жүргөн. Байбичеси Мухаббат Рыскулбекова ошол эле жылы жайында дүйнө салган.
© Sputnik / Табылды КадырбековМар Байжиев "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал — "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору
Народный писатель Кыргызстана, сценарист, драматург Мар Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мар Байжиев "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал — "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору

Сыйлыктары

Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн негизи болгон элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып чет элге жайылтуудагы, кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн Мар Ташимович Байжиев III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0