14:10 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
,
7659 0 0

Манас баатыр Каныкейге азыркы акча менен алганда канча калың берген? Көкөтөйдүн ашындагы байгени сом менен сайганда канчага айланмак? Sputnik редакциясы эпостогу мал-мүлктү азыркы эквивалент менен эсептеп, байыркы заманда кун, доо, калың канча турганына баам салды.

Кыргыздын эпосторунда жана көркөм чыгармаларында адамдардын байлыгы жана ар кыл той-ашка кеткен чыгымдар кеңири тизмектелип келет. Сайылган байге жөнүндө узун сабак сөз кылса болот. Биз бул активдердин бардыгын азыркы акчага которуп, суммасын чыгарып көрдүк.

Бардык эсеп-кысап жакындаштырылып, тегеректелип жасалды. Мисалы, байлыгынын баары майда-чүйдөсүнө чейин саналбай, ал эми там толо жыйылган алтын-күмүш, кымбат баалуу таштардын килограммы, көлөмү так көрсөтүлбөгөн.

Дагы бир учур — көчмөндөрдүн негизги байлыгы жалтыр-жултур, дилде, көөхар эмес, мал болгон. Бул материалда биз байыркы кыргыздар кармаган төрт түлүктүн баасына таянып, байлыгына байкоо салып көрдүк. Анткен менен адабияттарда жылкылардын, бодо малдын, койдун асыл тукум же катардагы мал экени айтылган эмес.

Малдын азыркы баасы

Бүгүнкү күндөгү орточо баа (базарда мал саткандардан алынды):

  • кой — 12 миң сом;
  • уй — 60 миң сом;
  • топоз – 70 миң;
  • бука — 80 миң;
  • жылкы — 80 миң;
  • төө — 100 миң.

Наркын жакындаштырып эсептегенде да эпостогу негизги каармандар өтө эле бай экен, азыркы заман болгондо Forbes тизмесине кирчү менмендеген олигархтар менен теңтайлашмак окшойт деген ой кетти.

Каныкейдин калыңы

Бул калың өзүнчө узун сабак баян. Букардын ханы Темирканга жуучу түшүп келгенде алмончоктой Санирабигасын Манаска берүүгө ынабай баш тартмак болот. Баатырдын балээсине калуудан чочулаган хан болуп көрбөгөндөй калың сурап, мындай шарт аны кыздан баш тарттырат деп жымыйган.

Бирок кыргыздар куда салыктан үч эсе көп калың жыйнап, жер жайнаган мал менен аттанат. Андан сырткары, алтын-күмүштү кошо жүктөй келет. Дагы бир маанилүү нерсе, калыңга чобур, арык-торук мал берген эмес, андыктан баасы азыркы акча менен ала келгенде бир топ эле кымбаттай түшөт.

Иллюстрация из издания эпоса Манас
© Фото / Теодор Герцен
Манас баатырдын жубайы Каныкей бала төрөп берген жары гана эмес, анын акылгөй кеңешчиси. Ал бир нече жолу Манасты акылмандыгы, көрөсөндүгү, сабырдуулугу менен ажалдан арачалап калганы айтылып келет.

Жыйынтыгында кылымдын калыңы төмөнкүчө болгон:

  • 3 миң жылкы — 240 миллион сом;
  • 400 баш уй — 24 миллион сом;
  • 200 бука — 16 миллион сом;
  • 30 миң баш кой — 360 миллион сом;
  • 200 айры өркөч — 20 миллион сом.

Ошентип калыңды эсептей келгенде баасы 660 миллион сом, жашыл акча менен алганда 7,8 миллион долларды түзөт. Мындан сырткары, алтын баштаган баалуу металлдар, асыл таштар эсепке алынган жок. Азыркы заманда кыздын мындай калыңы ал тургай олигархтарды да бир селт эттирип алса керек эле, бирок Букардагы андай хандык азыр жок.

"Манас" эпосундагы кээ бир каармандардын мүлкүн азыркы мультимиллионердин активдери, баалуу кагаздары, акциялары, жалпылап айтканда, байлыгы менен барабар койсо болчудай.

Маселен, Жакып бай уулу Манас төрөлгөндөн кийин чоң той берүүгө камынып жатып байлыгы тууралуу төмөнкүчө ой калчап турган кербези. Биз текстке азыркы акча менен эсептеп, кошуп койдук.

Аябай бир той кылууну,
Бай Жакып эсине алганы.
Ойротто мындай ким болгон,
Ошо кезде жылкысы,
Эсеп кылып санаса,
Отуз сегиз миң болгон (азыркынын баасында 3 миллиард 40 миллион сом).
Коюм сексен миң экен (960 миллион сом),
Аз болгондо алты миң ашык төөм бар (600 миллион сом).
Карагайлуу Камбылда,
Жеке өзүмө караган,
Жети миң уй болду эле (420 миллион сом).

Ошентип бай Жакыптын мал-мүлкү азыркынын акчасы менен алганда 5 миллиард сомду чапчыган. Бирок муну менен эле чектелип калган эмес.

Күмүшүм жатат таш болуп,
Күрүчүм жатат аш болуп,
Алтыным жатат таш болуп,
Амбарда буудай аш болуп, — деп тизмектегендигин окууга болот. Алардын көлөмүн, санын так билбегендиктен акча менен санап берүүгө мүмкүн болгон жок.

Азыркы менен эсептегенде ааламдагы саналуу байлардын бири Көкөтөй хан болмоктугу анык.

© Sputnik / Константин Михальчевский
"Манас" эпосунда кыргыздар Каныкейдин калыңына деп Темирканга 3 миң жылкы айдап келгени баяндалат. Бул жалпы малдын эмес, Камбар-Ата тукумунун эле саны.

Көкөтөй бул дүйнөдөн көчөр алдында Бай баласы Баймырзаны чакырып алып, сан жеткис дүнүйөсүн санап, өлгөндө бирок мал-жанын чачпай, "2-3 мал союп" көмүп койгула деген керээзин айтат.

  • Тогуз миң токсон жылкым бар — (727,2 миллион сом),
  • Токсон миң беш жүз коюм бар — (1 миллиард 86 миллион сом),
  • Эки жүз миң үч жүз төө бар — (20 миллиард 30 миллион сом),
  • Алты миң сексен сыйыр бар — (364,8 миллион сом),
  • Топозум тогуз миң болгон — (630 миллион сом).

Буларды эсептей келгенде 22,8 миллиард сомду чапчыйт. Ал эми чет элдик валюталардын бири — жашыл акчага которгондо 270 миллион доллардан оойт. Мындан сырткары, Көкөтөй алтын-күмүшүн, асыл таштарын, алтын жиптен тигилген кымбат баалуу кездемелерин жана тизмектеп өтөт.

Амбарга жыйган алтын бар,
Ааламга кеткен даңкым бар.
Эки там толгон күмүш бар,
Алтымыш сарай карк толгон,
Актатып койгон күрүч бар.
Көөхар таштан миңи бар,
Зумуруттан токсон бар,
Көрүп баарын билип ал.
Лагыл, жакут, мариат
Эки тамда бу да бар.
Кулак уккан, көз көргөн,
Сонундардан жуда бар.
Буулум да бар, бута бар,
Дейилдеден сексен миң.
Кызылдап кымкап жуда бар,
Зерисабар бу да бар.

Бул жерден да анын байлыгын так саноо оңойго турбайт, ошентсе да анын эпостун, чыгарманын каарманы экенине карабай ааламдагы ашкан байдын бири болгондугун аңдайбыз.

Көкөтөйдүн "кемпирдин ашындай кылып жерге бергиле" деген керээзине карабай кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна кабар айтылат. Каадасын ашыра кылып, 40 күндөн соң көмүшөт. Кан Кошойдун акылы менен туура үч жылдан кийин чоң аш берүүгө сөз бекитишет. Ал бекеринен "Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы" деп айтылбайт. Мунун аягы Чоң Казатка барып такалган.

Көкөтөйдүн ашында эмне деген сансыз байге сайылып, бири-биринен өтүп атаандашып, айыгышып, чабышып, айтор, кыйырга угулган иш болгон.

Иллюстрация из издания эпоса Манас
© Фото / Теодор Герцен
Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыш

Биз материалга Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын байгесиндеги биринчи жана акыркы — алтымышынчы күлүктүн байгесин алып көрдүк.

Баш байгени сайганы,
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду,
Тогуз миң толук уй болду.
Жабыкбашы кундуздан
Жана токсон үй болду.

Бул азыркы акча менен эсептей келгенде 8,3 миллиард сом же 100 миллион доллардын тегереги. Демек, биринчи байгеге арзыган аттын ээси азыркы заман болгондо мультимиллионер болуп калмак экен. Баса, баш байгени Манастын Аккуласы алган.

Байгелердин эң азы 60-болуп келген күлүккө ыйгарылып, ал тогуз кара, токсон койго илинген. Биздин учурда ал 1 миллион 260 миң сом деп бааланмак. Бул да оңой акча эмес.

Кыргыз элинде калың, аш-тойдогу байгеден сырткары бир топ мал-мүлк, акча менен менен каары катуу кундан кутулушкан.

Домбунун куну

Белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романында XIX кылымдагы Кокон хандыгы менен ага карап турган кыргыздардын өз ара мамилеси сүрөттөлөт. Бул эпизоддордо Шерали хандын небереси Насирдиндин бетпактыгы, докчулдугу жана калың элдин жонунан кайыш алган залимдиги окурманды кайдыгер калтырбай койбойт.

Домбу — хан тукумуна тага аталып, Аксыда жүргөн. Кол алдында дайыма ууру кармаган. Ал Сарыбай Жаманкулдун ашына таптаган тору кашка күлүгүн уурдатып кетип, кайнак аркан оротуп жиберип кулан чаарга айланткан. Адам тагдырларын талкалаган окуяларды жараткан бул адам ошол аймактагы Абил бийдин жашыруун тукуруусу менен мүнүшкөрдүн иниси Мадылдын колунан окко учат. Кокондун ханы Кудаярдын уулу Насирдин бек тагасынын киши колдуу болгону үчүн элдин шорун катырган кун сураган.

"О, тагамдын куну бүттүбү? – деп кыйкырып, мырзасынын каарын туйдуруп өтөт. Бул кекетүү, мазактоо. Насирдин бек оозуна батышынча сурады. Бүткүл элетти кунга жыкты. Миң сары таман ат, миң кызыл дилде! Бул дүйнө кайдан табылат? Кайдан жыйналат? Акыл кайда? Арга кайда? Алгач бөрү көргөн малдай топурап, Бекназардын жанына топтоло калган элди Абил бий камчысыз айдап таратты. Эми ким баш көтөрөт? Ким чогулат?.." — деп айтылат романда.

Дилде – тилла, ага кезегинде үч кой сатып алууга болот эле. Азыркы акча менен эсептегенде ал мезгилдеги док арткан кун ошентип 116 миллион сомго чыккан. Аны үймө-үй кыдырып чогулткан. Малды табуу оңой болгону менен дилдени табуу акча менен анча иши жок элеттик момун элди кызыл жабагы кылган.

"Мал киндиктүү тоо кыл куйруктан көп да мукурабады, а бабасы тутунуп дүнүйө кылып көрбөгөн дилдеге келгенде абдан шашты. Сатканга мал түт келбей, кишилер саймалуу кийиз, шырдак, ат абзел артып базардан базарларга самсыды", — деп сүрөттөгөн автор.

Көркөм чыгармадан сырткары адамдардын кадимки турмуштагы мүлкүн, байлыгын билүү окурмандар үчүн кызыкчылык жаратары турган иш. Ал үчүн орто кылымдагы европалык падышалар тууралуу маалыматтарды, алардын ичинен тактыдагы атасы уулуна эмнени мураска калтырганын жана англиялык монархтын "баасын" айтып берүүнү эп көрдүк.

Көчмөндөрдүн байлыгы төрт түлүк менен бааланса, орто кылымдагы Европада негизги мүлк жер болгон. Андыктан алардын активдерин санап чыгуу кыйынчылыкка турганы менен англиялык падыша Генрих Iнин ханзаада учурундагы кызык учуру бар. XI кылымда тарыхта баскынчы катары таанылган Норманд герцогу Вильгельм кезектеги жүрүшүндө Англияны басып алган. Монархтын бу дүйнө менен коштошкондо үч баласы болсо, улуусуна Нормандияны (Франциянын ири облустарынын бири), ортончусуна Англия тагын, кенжеси Генрихке жер бербей, 5 миң фунт күмүш калтырган. Англияда ал кезде фунт 350-370 граммга барабар болгон. Бул сандарды орточо эсеп үчүн алабыз. Эгерде баалуу металлдарга (бир трой унциясына 23 доллардан ашыгыраак) болгон азыркы дүйнөлүк бааны алып карасак, анда болжол менен сумма 1,3-1,4 миллион долларды түзөт. Бирок анда акчанын баасы жогору болгон. Ар кыл маалыматтарга таянсак, 3 миң күмүш фунтка Котантен жарым аралынын теңин жана Авраншка ээлик кылуу укугун сатып алган. Башкача айтканда, буларды кенже уул миллион доллардан бир аз кемирээк акчага алган. Дагы бир кызык учур, ага саткан киши улуу агасы, норманд герцогу болгон. Кийинчерээк, ортончу агасы каза тапканда, ал эми улуусу кресттик жүрүштөгү кезинде учурдан пайдаланып, Генрих падышалык такка отурган. Көп өтпөй андан Нормандияны тартып алып, мурда атасынын бийлиги астында болгон бардык аймактарды бириктирген.

Дагы бир тарыхый кызык окуя Генрихтин чөбөрөсү атактуу Арстан жүрөк Ричардга байланыштуу. Аны кресттик үчүнчү жүрүштөн кайтып келе жатканда касташып жүргөндөрдүн бири, австралиялык герцог туткундап алып, англия монархы Ыйык Рим императоруна берип койгон. Өзүнүн башын атактуу падыша 113 миң кельн маркасына, тагыраагы, 26,3 тонна күмүш же азыркынын акчасы менен алганда 20 миллион долларга сатып алган.

Участники традиционной охоты салбурун (охоты с собаками, соколами и беркутами) на фестивале в этногородке в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области в рамках II Всемирных игр кочевников.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Манас" эпосунда Көкөтөйдүн ашында ат чабышта күлүктөр үчүн эле сайылган байге жер жайнаган мал болгону баяндалат.

Орто кылым же 400 миллиондук белек

VI-VII кылымдарда Енисейдеги кыргыздардын калыңы кээде миң баш малга жеткени маалым болгону менен төрт түлүктүн кайсы түрү экендиги айтылган эмес. Андыктан сумма ар кыл болушу мүмкүн, эгерде кой болсо 1,2 миллион сомдон өйдө, ал эми жылкы баласы менен берсе 80 миллион сомду чапчыйт. Албетте, бул томаяктын же орто оокаттуу эмес, оокаттуулардын, хандардын, байлардын берген калыңы экени түшүнүктүү.

Негизи ал учурдун колунда бар адамдары биздин заманда деле апкаарып калбай, кудайга шүгүр эле ордун таап кетмек деген ой келет.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Енисей кыргыздары жашаган аймакта табылган жашыруун жайдан төрт кумура алтын, бирден алтын жана күмүш табактар чыккан. Салмагы таразага тарта келгенде 4 килограмм болгон. Наркы канча акчаны чапчырын так эсептеп чыгуу кыйын, бирок ал бир топ эле кымбаттыгы, аны пайдалангандар акыркы акчасын берип жасатпаганы же сатып албаганы турган иш.

Азыркы Монголиянын аймагынан кыргыз сотунун атынан жазылган эпитафия кездешкен. Ал Улуу Кыргыз каганатынын учурунда жашаганын болжолдоого болот. Бай болгонун, "10 короо малым болгон. Менин малым сан жеткис эле" дегенин окууга болот. Бирок сан жеткис деп канча экени так айтылбагандыктан эсептеп чыгууга мүмкүн болбоду.

Бүгүнкү Кыргызстандын аймагын карап көрсөк, бул жерде ошол мезгилдери үйүр-үйүр жылкы күтүрөп, кең талааларда, тоолордо жайылып жүргөн. Маселен, Батыш түрк каганатынын башчысы (VII кылым) Тон жабгу-каган элчиге тартуу катары 5 миң жылкы (400 миллион сом) айдатып бере тургандыгы айтылган. Түргөш кандарынын бири душмандарынын бирине туткундалып калганда башын азат кылыш үчүн миң жылкы жана миң төө тартуулаган деген маалыматтар кездешет. Бул азыркынын акчасы менен алганда 180 миллион сом.

XIX кылымдан кеп салганда: салык, бай менен жакырдын оокатынын айырмасы

Бул блокто аталган мезгил боюнча маалымат булактар көп болгондуктан басымдуу бөлүгү баяндама катары кетет.

© Фото / SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Казак окумуштуусу Чокан Валиханов кыргыздар туурасындагы эмгегинде эң бай деген манаптын 300 жылкысы, 3 миңге чукул кою, 50-100 миң баш кара малы болгондугун жазган.

Манаптардын байлыгы жөнөкөй элдин оокатынан канчалык көп болгон

Казак окумуштуусу Чокан Валихановдун жазганына таянсак, бугу уруусундагылардын 10 миң чарбасында жарым миллионго чукул кою, 100 миңден жылкы менен төөсү, 50 миң ую болгон. Эң бай деген манаптын 300 жылкысы, 3 миңге чукул кою, 50-100 миң баш кара малы, ал эми азыркы улуттук валюта менен санаганда 279 миллион сому болгон. Төмөнүрөөк жашагандардын колундагы бир нече коюнун ар бирин орто эсеп менен 12 миң сомдон баалаганда, байлыктын айырмасы абдан эле чоң экени өзүнөн өзү билинет.

Төрөлөр жер жайнаган малга эле эмес, башка байлыкка да ээлик кылган. Бугунун манабы Боромбайдын нан кампалары, бакчасы болсо, Алымбек датка мүлктөрүнөн сырткары Фергана өрөөнүндө өзүнүн медресесине каратып койгон айдоо жерлерге ээлик кылган.

Кандай айып пулдар салынган?

Мурдагы кылымдын ортосунда кыргыздарды бириктирүүгө аракет жасалган. 1842-жылы курултайда сарыбагыш уруусунун манабы Ормон ак кийизге салынып хан көтөрүлөт. Анда хандыктын символикалары: хан тактысы, туу, өзүнүн мөөрү жана башка эрежелер бекитилет. Ормон хандын башкаруу саясаты Чоң Кеңеш жана Кичи Кеңештен туруп, андагы атайын дайындалган адамдар ар дайым мыйзамды көзөмөлдөп турган. Бекем тартипти сактоо иретинде байыркы үрп-адатка негизделген жаңы мыйзамдарды иштеп чыккан. Ал эл арасында "Ормон окуу" деп айтылган.

Алардын арасында өлгөн адамдын куну, эриш бузгандын айыбы, уурдагандын айыбы, дагы башкалар жөнүндө айтылган.

Айып төмөнкүчө болгон:

  • адам өлтүргөндөр — 300 жылкы (24 миллион сом) төлөгөн;
  • бирөөнүн аялына көз артып, ала качкандар — 40 жылкы (3,2 миллион сом);
  • уурулук — 9 жылкы (720 миң сом).

Ишке жалдагандарга канча төлөшкөн

Сарыбагыштардын ичинен тынай уругунан чыккан манап Жантай күмбөз тургузуш үчүн Түркстандан уста алдырган. Валиханов Жантай аларга төрт тогуз жана жүз кой төлөп бергенин жазган.

  • Биринчи тогузга адамды кошкон — кул жана сегиз жылкы;
  • Экинчиси — төө жана сегиз жылкы;
  • Үчүнчү — аргымак жана сегиз жылкы ;
  • Төртүнчүсү — качыр жана сегиз уй.

Албетте, кара башыл кишинин баасы бычылбайт. Бирок манап төлөгөн усталардын акысы 2,6 миллион сомдун тегерегинде болгон.

Народные мастера (уйчу) готовили деревянные части юрты и выставляли на продажу. Все элементы остова юрты делались вручную весьма примитивными инструментами.
© Фото / Library Of Congress/ Miscellaneous Items in High Demand
Мындан мурдагы кылымдарда кыргыздар иштеткен адамдардын, маселен усталардын акысын дилде, акча менен эмес, негизинен мал менен төлөп берген.

Товарлардын баасы

Төрөлөр менен байлар кийимди кездеменин өзгөчө "тик" деп аталган түрүнөн кийишкен. Кездемени көпөстөрдөн алар беш койго (60 миң сом) сатып алышкан. Бирок ал материалдар соода кайнаган Наманганда үч эсе арзан турган.

Койдун 12 терисин бир койго алмаштырып алышкан. Түлкүнүн териси да ушундай турган. Ал эми сүлөөсүндүкү беш эсе кымбат бааланган. Бир буканы алты койго айырбаштоого болот эле. Койго турмуш-тиричилик оокаттарынан тарта кийим, идиш-аяк, курал-жарак, кооздук буюмдарына чейин алмаштырып алып турушкан.

Кокон хандыгынын салык системасы боюнча маалыматтар бар. Ал үч түргө (нак, акчалай жана иштеп берүү болуп) бөлүнгөн. Кыргыздар негизинен мал менен берип турган. Нааразы болгон эл улам көтөрүлгөндүктөн, бийлик салыкты чогултууну көп учурда "эл башындагыларга", "уруу жакшыларына" жүктөп кое турган. Тарых китептеринде алар орто жолдон өз "үлүшүн" да өөнөп калганды унутпаганы айтылат.

Салыктар туурасында маалыматтар да ар кыл. Валиханов бир жерде кыргыздар зекетти (салыкты) жүз атка бирден төлөп турганын жазган. Ал эми экинчи жерде Куртка чеби жөнүндө жазып жатып, ал салык чогултуш үчүн курулганын, 40 баш малдан бирөөнү алып калып тургандыгын же 100 баштан экөө зекетке кетерин белгилеген. Кыргыздарга, мындан сырткары, гарнизонду нан менен камсыздоо милдети жүктөлгөн.

"Так саны айтылбаган, ар кыл өлчөмдө (салык) жылына бир, кээ бир учурларда эки ирет алып турушкан. Бул жылы бугуларга 60 баш жылкыны камдоо айтылды (4,8 миллион сом) ", — деп жазган саякатчы.

1860-жылы Кокон хандыгынын бийлиги бар өкүлү Атабек датка Чүй облусуна салык чогултуу үчүн аскерлери менен барат. Алар жүз койдун башына экиден, кээ бир учурда үчтөн баш алат. Ал киши аскер муктаждыгына ар бир боз үйдөн кошумча салык — бирден дилде (ал кездин эсеби менен алганда үч койдун баасы, азыркы акча менен 36 миң сом) чогулта кетүүгө ниеттенип, бирок батынган эмес.

Тарых боюнча окуу китептердеги архивдик документтерде хандык учурунда салыктан тышкары буудай түшүмүнөн (20 пайыз ) алым, соодадан зекет жана мал сатса (40 бөлүктүн бири) да төлөнүп турганы айтылган.

Кокондун акыркы хандарынын бири Кудаяр сооданы кошкондо дагы алты төлөм (анын ичинде суу жана отунга да) киргизген. Соода, кыязы, азыркы киреше салыгына үндөшүп кеткендей. Андыктан бул күндөрдөгү алынган төлөмдөрдүн баары биз жашаган азыркы мезгилге чейин эле ойлонулган сыяктуу.

Окуу китептерден үстү-үстүнө кошулган салыктар элдин абалын начарлатып, жакырчылыктын сазына батырган. Көп чарбалар чачырап кетүүнүн алдында турган. Андан сырткары, чеп куруу жана башка иштерге эмгекке жарамдууларды милдеттүү түрдө алып турушкан. Жакада отурукташып калган кыргыздардын арасында айдалган жерден алган түшүмүнүн кайсы бир бөлүгүн "эл жакшыларына" берүү тартиби болгону белгилүү.

Бирок салык баарына бирдей болгон эмес. Маселен, хандар ири феодалдарды алым төгүүдөн бошоткон.

Жыйынтык

Кыргызстандагы көп үй-бүлөлөрдө мурда алардын түпкү аталары канчалык оокаттуу болгонун кеп кылган адат бар. Биздин материалдын максаты ата-бабалардын канчалык бай экендигин саймедирөө эмес, өзгөчө формат менен өлкөбүздүн, элибиздин тарыхын, салтын, адатын көрсөтүп, ошол кездеги жашоосун баяндап берүү.

Колдонулган материалдар:

  • "Теңири Манас" эпос өзөктүү романы, автор Ашым Жакыпбеков;
  • "Манас" эпосу, Сагынбай Орозбаковдун варианты;
  • "Сынган кылыч" тарыхый романы, автор Төлөгөн Касымбеков;
  • "Англия демократиясынын жаралышы: Эрк хартиясы" (BBC материалы);
  • "Арстан жүрөк падыша Ричарда Iнин тарыхы", автор Александр Грановский;
  • "Норманддардын Англияны басып алышы", автор Сара Орне Жуэтт;
  • "Кыргызстандын тарыхы" окуу китеби, авторлор Владимир Мокрынин менен Владимир Плоских;
  • Чокан Валихановдун эмгектери;
  • Кыргызстандын тарыхы боюнча тарыхый жана архивдик документтердин баяндамасы ( Ормон хан башкарып турган доор). 

Тема боюнча

Асанканов: Алтай цивилизациясына кирген элдердин мекени — Түштүк Сибирь
Миң боз үй, колдоп чыккан БУУ... Таласта өткөн "Манас-1000" салтанаты сүрөттөрдө
Белгилер:
Кыргызстан, Манас, баатыр, Каныкей, Ормон хан, салык, кун, тарых, байлык, Манас эпосу

ЭҢ МААНИЛҮҮ