Эскертүү! Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Лев Толстой көчөсү. Архив
Бишкектеги Лев Толстой көчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 14-октябрдан 17-октябрга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулат.
"Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия айдоочуларга Анкара көчөсү аркылуу жүрүп турууну сунуштады. Ошондой эле муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0