Бишкектеги Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Ишти темир жолчулар түн ичинде жүргүзүшөөрүн, бирок аталган көчөнү толугу менен жаап салбастыгын айтышты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүнүн бир бөлүгү 24-25-сентябрь күндөрү жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолдору" ишканасынан кабарлады.

Кайтарууга алынган темир жол өтмөгүн асфальттоо пландалууда. Андыктан көчөнүн улам бир жерин кезек менен жаап, оңдоо иштерин жасашат. Ал бүткөн соң жолдун бир жагы оңдоп-түзөлмөкчү.

Иш кечинде башталып, эртең менен аяктайт, тагыраагы, жолчулар 22:00дөн 08:00 чейин иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0